www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу “Азаттык” радиосу жазып чыкты. Маалыматка таянсак, башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңештеги "Бир бол" фракциясынын депутаттары Акылбек Жапаровго жана Игорь Чудиновго кылмыш ишин козгогон. Тагырагы, кылмыш иши Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин материалдарынын негизинде, Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү, коррупцияга байланыштуу козголду.

Алар 2009-2015-жылдары "Машина сыноочу станция" ачык акционердик коомуна бюджеттен 200 миллион сом туура эмес бөлүп, каражатты максатсыз пайдаланган. Кылмыш иши Жапаров менен Чудиновдон башка адамдарга да козголгон, бирок, алардын аты-жөндөрү айтыла элек.

“Бул маселе боюнча чакырган эмес. Бизди чакырып, кеңири маалымат алган соң комментарий беребиз”, - деп Жапаров «Азаттыкка» билдирген.

Эскерте кетсек, Чудинов 2007-жылдын декабрынан 2009-жылдын октябрына чейин өкмөт башчы, Чудинов 2009-2010-жылдары вице-премьер-министр болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости