www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Мен сени жакшы көрөм иним

Жай болсо керек. Атам кайдан-жайдан 3 эчки алып келип койду. Чоң энем саап ичмек экен. Аны кайтаруу менин моюнума илинди. Ушунчалык тынчы жок мал дейсиң, тим эле тажатышат. Бир тиякка, бир биякка чуркашат. Коңшунун короосуна эле кире беришет. Кошуналардын балдары бул эчкилерден өткөн немелер. Тентектиги жанда жок.

– Эй, алып кет эчкилериңди! Карасам огородубузду бөлүп турган зым тордун ары жагында кошунанын улуу баласы турат.

– Азыр...- күнөөлүү кишидей чуркадым. Алардын короосуна кирип эле айдап чыкмакчы болуп жатсам жанагы "бери басчы, эмне эчкилериңди карабайсың, ыя?" деп туруп эле беттен ары муштап жиберди. Көмөлөнүп түштүм. Мен андан 2-3 жаш кичүү, анан калса алсыз болчумун. Азыр ойлосом, ал мектепке барчу экен. Менин мектепке бара элек кезим.

– Энеңди...- ызырынып сөгүнүп тура калдым. – Кимди сөгүп жатасың?!- жинденип келип бир тепти. Тим эле чоң кишини сабагандай үстүмө чыгып алып башы-көзгө муштагылайт. Менин жүрөгүм түшүп калган. Бакырып ыйлап чоң апама жеттим. Колуна чыбык алып чоң апам алардын үйүн көздөй жөнөгөндө көчөгө (алар үч бир тууган болчу) дыр коюшту. Эчкилерди коңшунун короосуна киргизбес болдум. Бирок бир күнү иним экөөбүз оюнга алаксып кетиптирбиз. Карасам, эчкилер коңшунун короосунда жүрөт. Жүрөгүм шуу дей түштү. Коңшунун улуу баласы шашпай алма үзүп жеп, эчкилерди карап турат.

– Алып кет! Апкаарып туруп калдым. Ушунчалык коркуп калган экенмин.

– Алып кет! Тигинин үнү катуу чыкты. 4 жаштагы иним да чочуп кетти. Мен таптакыр туура эмес ишти жасап жибердим. "Шамил, бар сен кирип айдап чыкчы. Алар мени урат" деп инимди жумшадым. Азыр андан бери 20 жыл өткөнүнө карабай мен ошол элести дапдаана көз алдыма тарта алам. Ушунчалык көңүлүмдө терең калган экен. Менин бойтойгон 4 жашар иним бейкапар гана алардын короосун көздөй жөнөдү. Колунда чыбыгы бар. "Ии, ырас болду, буга тийишпейт, кичинекей да" деп ойлоп жибердим. Жок. Мен ойлогондой болгон жок. Коңшунун баласы эми эчкилерди айдайын деп жаткан инимдин колунан чыбыгын тартып алды да, карылуу колдору менен Шамилдин болбураган колдорун билегинен кармап алып жанагы чыбык менен чаап баштады. Бир эле чаап койсо эмне?! Чып-чып этип алакандарына, билектерине чыбыктан так калгыдай кылып бир топко катуу чапкылады. Байкушум жадакалса каяша сөз айта албайт. Чыркырап эле ыйлайт.

– Тийбе! Тийбе-е!- зым торго жабышып чыңырып ыйлап жатам. Коркконумдан инимдин жанына бара албай койдум. Кыйкырыгыбызды угуп чоң апам үйдөн чыга калганда гана тиги бала качып жөнөдү. "Эчки бакпайбыз! Айт атама, биз эчки бакпайбыз!" деп кыйкырып ыйлап жаттым.

– Ай, "кой" деп койбойсуңбу?! Эч нерсе болбогондой отурасың да?! Чоң апам кир жууп отурган тиги баланын апасына кыйкырды. Кызыгы, ал баарын көрүп туруптур. Эмнеге "кой" дебеди экен?

– Бала деген урушат-талашат да, эже,- эч камырабай сүйлөдү. Баласынын мыкаачылыгына көз жумган ал эже кийин анын азабын тартпай койгон жок (бул таба эмес, болгон эле нерсе). Балалык жан дүйнөмдө инимди коргой албай калганым мага чоң арман болгон.

Азыр эми ооруканада жатам. 27ге чыккан чоң кишимин. Бөйрөктөрүм жараксыз. Бул азап. Иним Шамил бир бөйрөгүн мага бергени жатат. Ооба, баягы мен коргой албай койгон иним. Билесиздерби, мен азыр Шамилдин алдында өзүмдү ушунчалык күнөөлүү сезем. Элестетсеңер, мен аны коңшунун тентек баласынан коргой албай койгом! Ал болсо мени ажалдан коруп жатат! Бирок кеп мында да эмес. Шамил азыр мага анын бир туугандык сүйүүсү чексиз экенин далилдеп койду. Мен бир учурда анте албай койгом. Бул мени өкүндүрөт. Мен керек учурда Шамилге жардамга бара алган эмесмин. Бул окуяны ага айтып берсем, "ал эсимде жок" деп күлүп койду. А менин эсимде, бир туугандык сүйүүмдү далилдей албай койгон, текке кеткен ал күн эсимде... Ооба, биз бала болчубуз, кичине чакта андай окуялар толтура болот. Бирок өмүр деген ушунчалык кыска. Андыктан ар бир учурда жакындарга сүйүүңөрдү далилдегенди унутпагыла! Эртең буга убакыт жетпей калышы мүмкүн... Мен муну белгисиздикке бараткан (жакында операция болот) адам катары айткым келет.

Баса, Шамил, мен сени жакшы көрөм, иним!

Булак: Супер инфо

 

Последние новости