www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова, Мамлекеттик каттоо кызматынын кетирген катачылыгынан улам 2012-жылы туулган 40 миң балага ката басылган күбөлүк берилгенин билдирди.

Бул туурасында депутат: “МКК жетекчилери ага күнөөлүү кызматкерлерге карата чара көрүп, таркатылган күбөлүктөрдүн баарын акысыз алмаштырууга убада берген. Тилекке кар­шы, ал азыркы кезге чейин аткарылган жок.

Ата-энелерден көптөгөн кайрылуулар түшүүдө. Көрсө, Мамлекеттик каттоо кызматы күбөлүктөрдү акысыз алмаштырбай эле, 120 сомдон сатып жатыптыр, эсептеп көргүлө. Ушу кантип болсун, ката басылган күбөлүктүн берилишине МКК күнөөлүү болгон соң, анын чыгымын да өздөрү тартсын. Өкмөт бул маселени көзөмөлгө алып, ата-энелердин өтүнүчүн аткарышы керек» – деп, маселени кабыргасынан койду.

Депутат айтып жаткандан кийин, демек чындык бар. Мамкаттоонун жетекчиси Дастан Догоев акчага марып жаткан экен…

Булак: "Фабула"

Последние новости