www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул районунда массалык түрдө кырылган балыктардын салмагы 3 тоннадай болду. Бул тууралуу райондун акими Майорбек Стамбеков билдирди. Анын айтымында, балык чарбаларда 17 тоннага жакын балык бар. Балыктардын өлүүсү азырга чейин токтой элек.

«Бүгүн, 23-январда саат 09:30га карата алынган маалыматтар боюнча балык чарбасынан 2,9 тонна балык өлгөнү аныкталды. Учурда балыктарды өлүүсү токтой элек. Адистер жеринде иш алып барып жатышат. Бул балык чарбасы 2008-жылы уюшулган. Ал чарбада жалпы 14 көлмө болсо, анда 17 тоннага чамалуу балык бар деп болжолдонууда», - деди ал. Маалым болгондой, Жаңы-Жол айыл аймагынын тургуну Аман Борбуев 9 жылдан бери балык чарбачылыгы менен алектенип келген. Алгач 3 тонна балыка ылайыкташкан жасалма көлмө менен ишин баштаган. Бир топ жылдан берки чарбачылыгынын үзүрүн көрө баштаган. Былтыркы жылы 15 тоннадай балык саткан. Быйыл 20 тоннага жеткирүүнүн көздөп жатканын буга чейин билдирген. Буга чейин маалымдалгандай, 21-аянварда саат 23:00дөр чамасында Ош—Бишкек жолунун 264-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа Чычкан капчыгайындагы сууга кулап, анын кесепетинен балыктар массалык түрдө кырылган. Балыктар балык чарбасын иштеткен жеке ишкерге таандык болгон. Ал дарыяга күйүүчү май ташуучу унаанын кулоосунун кесепетинен экинчи жолу зыянга учурап жатат.

Ош—Бишкек жолундагы кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 2 адам ооруканага жеткирилген. Такталган маалыматтар боюнча, май ташуучу унаанын айдоочусу эмес, анын жардамчысы — 1986-жылы туулган А.Н. каза болгон. Унаа Бишкек шаарынан Жалал-Абад шаарын көздөй келе жаткан. Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, оор жүк ташуучу унаа чукул бурулуштан катуу ылдамдыкта бурулуп, жүк унааны сайды көздөй тартып кеткен деп болжолдонуп жатат. Бул боюнча автотехникалык экспертиза дайындалып, териштирүү иши жүрүп жатат. Кырсык болгон жерде жол белгилери орнотулган болчу.

Буга чейин Turmush басылмасы жеке ишкер Аман Борбиевдин балык чарбасы тууралуу жазган. Ишкердин айтымында, анын балык чарбасын уюштурганына 3 жылдын жүзү болду. Чарбасында негизинен форель балыгын багышат.

Өстүрүлгөн балыктарын ал жергиликтүү базарга алып чыгып, сатат. «Балык чарбачылыгын колго алуу менен 2 үй-бүлө жашоо-тиричилик кылып жатабыз. Аракет кылсаң берекет дегендей, жасаган кадамдарыбыздын акыбети кайтып, киреше тапканга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат», - деп билдирген тургун.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости