www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кучакташуу депрессиядан сактайт!

Кучакташуу... Не бир сонун сезимдерге бөлөгөн кучакташуу. Адамдар анчейин маани бербегени менен, анын эмоционалдык ырахат тартуулаган кандайдыр бир сыйкыр күчү бар сымал! Ооба, бул нерсе ар бирибизге белгилүү, себеби өмүрүндө бир да жолу жакынын кучактабаган жан жокко эсе болсо керек. Кучакташуу жагымдуу гана эле эмес, пайдалуу дагы экенин билесизби?

Көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, кучакташуу – адамга психологиялык жана физиологиялык жактан жардам берет. Тактап айтканда, анын аркасында организм түрдүү ооруларга каршы турууга жөндөмдүү болуп, жалгыздык, стресс, депрессия деген илдеттерден алыс болот. Эгерде кучакташууну жактырбаган адамдардын катарын толуктасаңыз, сиз үчүн төмөндө анын пайдасы тууралуу 7 далил:

1.Ишеним жана коопсуздук сезимин тартуулагандыктан, адамдар ортосундагы мамиленин ынак болушуна өбөлгө түзөт.

2.Организмдеги окситоциндин (медициналык тил менен «сүйүү» гормону) бөлүнүп чыгышын шарттап, адам өзүнүн жалгыз эмес экенин, бирөөгө керектигин сезет.

3.Кучакташууда адамдын чыңалып турган булчуңдары жазылып, денеси бошоп, жагымдуу сезим калтырат.

4.Жылуулук жана энергия менен бөлүшүүгө шарт түзөт. Энергия алганды эле эмес, бергенди үйрөтөт. Себеби, кучакташууда сиз адамдан энергия алып эле тим болбостон, өзүңүздүкү менен да бөлүшүп жатпайсызбы!

5.Узак убакытка кучакташуу-организмдеги серотонин затынын («кубаныч» гормону) жогорулоосуна алып келип, адамдын маанайы көтөрүлүп, өзүн бактылуу сезет.

6.Кичинебизден ата-энебиз кучагына алып, эркелетип өстүрөт эмеспи. Дал ошондой чоңойгондо да, адам өзүнүн сүйүктүү экенин жакындарынын кучагы аркылуу сезет, алардын колдоосу дайым аны менен экенин билет.

7.Кучакташуу – медитациянын бир түрү десек да болот. Ал нерв системинин бир калыпта кармалып турушуна көмөк көрсөтөт. Мындан тышкары түйшүктөрдү аз убакытка болсо да унута туруп, жашоонун керемет экендигин сезүүгө жардам берет.

Кызыктуу фактылар:

1.Күнүгө ата-энеси кучактап, эркелетип өстүргөн наристе өзү менен тең балдардан эртерээк жетилет.

2.Адамдар көп кучакташа бербеген өлкөнүн калкы агрессивдүү болоору байкалган.

3.7 жашка чейин кучакка алынбай, мээрим төгүлбөй өстүрүлгөн баланын мүнөзү катаал болуп, сүйүүгө жөндөмсүз болуп калат. Мындан да коркунучтуусу, алардын арасынан кылмышкерлердин чыгуусу мүмкүн.

4.Байыркы Чыгыш жазууларынан белгилүү болгондой, кучакташуу жашартуучу касиетке ээ.

5.Кучакташуусуз адам жашай албайт! XIII-кылымда Рим империясынын императору изилдөө жүргүзүп көрүп, дал ушундай жыйынтыкка келген. Изилдөөгө катышууга жарык дүйнөгө жаңы гана келген ымыркайлар тандалып алынып, аларды багып-чоңойтууга бардык шарттар түзүлгөн. Бирок, эч ким аларды колго алып, эркелетип, кучактаган эмес. Жыйынтыгында наристелер чарчап калган.

6.Статистика боюнча ата-энелер эркек балдарга караганда кыз балдарды көбүрөөк кучактайт, эркелетет.

7.Кучакташуу – кайсы мезгил болбосун жана кандай майрам болбосун эң мыкты акысыз белек!

Булак: "gezit.kg"

Последние новости