www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алсак, 2017-жылдын 28-майында жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өткөн. Бул шайлоого СДПК, Кыргызстан партияларынын өкүлдөрү бир блок, Руслан Бекназаровду кайрадан айыл өкмөттүккө алып келебиз дегендер бир блок болуп чыгышкан. Жыйынтыгында Руслан Бекназаровду колдоочулар 21 мандаттын 16 мандатын утуп чыгышкан. СДПК, Кыргызстан блогу 5 мандатка ээ болгон.

Бизге жеткен маалыматка караганда жергиликтүү аймакта, Руслан Бекназаровду "кайрадан айыл өкмөттүккө алып келебиз", деген 16 жергиликтүү депуттатарга кысым башталып, ал тургай каралар дүйнөсүн дагы аралаштырып түрдүү коркутуулар жана сунуштар түшкөндүгү маалым болду. Баарынан кызыгы "Руслан Бекназаров айыл өкмөтү болгусу келсе, СДПК партиясынан бата алып, Иса Өмүркуловдун алдынан өтүшү керек”, деген сунушту ортомчулар аркылуу айттырып жиберген.

Так ушул маселе боюнча аксылыктар Кара-Суу айыл өкмөтүндө атайын жыйын өткөрүүнү пландаштырууда. Жыйындын максаты, элдин калоосуна бийликтин ашыкча эле кийгилишүүсү жакшылык алып келбешин эскертүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости