www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чынын айтыш керек, учурда Абулгазиев башында турган өкмөт өтө алсыз, мажүрөө экенин далилдеди. Бир күндө Өкмөттүн курамын түзүп, программасын жазып парламентке келип бакылдаган Абулгазиевде кечээкинин бири жок. Сапар Исаковдун ордуна түндүктөн түшкөндөй кантип отуруп калганын сезбей калса, дал ошондой тездик менен кантип кызматтан түшүп калганын билбей калчу кырдаалга жетип калды. Командасы такыр жарамсыз экенин барган сайын ачыкталып жатат.

Мына юстиция министри Айнура Абылдаева экотехинспекциясынын жетекчиси Канат Муратбеков, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов, өкмөттүн аппарат башчысы Мурат Мукамбетов иштен кетти. Эми кезекте билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, салматтыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев иштен кеткени турат. Айтор, “ары тартса араба сынат, бери тартса өгүз өлөт” деген кыйчалыш кырдаалда алапайын таба албай калды. Иштин көзүн билген бирөө келбесе, Абулгазиев Кыргызстанды сормо сазга тыгып баса бербейт деп эч ким кепилдик бере албайт…

Булак: "Фабула"

Последние новости