www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук райондук соту Насибага (аты өзгөртүлдү) козголгон кылмыш иши боюнча өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Насиба ушул жылдын 30-январында болжол менен саат 13:30 чамасында Ново-Павловка айылындагы дүкөндөн 3 бөтөлкө спирт ичимдигин уурдап алып, андан соң дароо изин жашырган.

Насиба 31-январда болжол менен саат 16:30 чамасында аталган дүкөндөн 2 бөтөлкө спирт ичимдигин уурдап чыгып бара жаткан жеринен коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

30-январда спирт ичимдигин ичкиси келген Насиба акчасы жок дүкөнгө барып, 3 бөтөлкө арак уурдап алган. Андан соң үйүнө келип, жарандык никедеги күйөөсү менен уурдалган арактарды ичишкен. 31-январда да аталган дүкөнгө барып, 2 бөтөлкө спирт ичимдигин уурдаган. Бирок эшиктин алдынан коопсуздук кызматынын кызматкерлерине кармалып калган.

Жыйынтыгында сот Насибаны 3 жылга эркиндигинен ажыратып, 10 миң сом айып салды. Сот көрсөтүлгөн жазаны 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу деп эсептөө токтомун чыгарды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости