www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кудайбердиевадан кутулбас болдук го...

2016-жылдан бери Билим берүү жана илим министри болуп келаткан Гүлмира Кудайбердиева Кыргызстандын билим берүү тармагынын таптакыр эле таш-талканын чыгарып, талпагын ташка жайып салмай болду. Бул айымдын деңгээли министр эмес, директор болууга эле жетет окшобойбу.

Буга чейин министрликтеги алешемдик иштер, коррупция, теңирден тескери иштер тууралуу көп сындар айтылганы менен Жээнбеков бул айымды кызматтан кетиргиси келбей, "бек кучактап" тургансыйт. Президенттин мындай колдоосун жакындан сезип турган министр айым, өзү жетектеген министрликти каалагандай калчап, элди эл деп деле санабай калганга чейин жеткени байкалгансыйт.

Эки, үч ай мурун Эл аралык форумдагы " вузов" деген сындуу сөздөрдү балтайта ката кылып, көрүнө жерге илдирип, айтылган сындарга "эки катадан эч нерсе болбойт"- деп жооп айтып, мурдун балта кеспестигин көрсөткөн. Эми болсо быйылкы окуу жылында мектепти бүтүргөндөргө ката жазылган аттестаттарды тапшыртты. Анда, министрлик "жөнүндө" деген сөздү тура жаза албай н тамгасын ң деп жазып койгон.

 Учурда жалпы коомчулук министрликтин ишке болгон кайдыгерлигин катуу сынга алышууда. Президентке негизи мыкты иштегендер эмес, мыйыгынан күлүп, ыргылжың-мыргылжың иштегендер абдан жагат окшобойбу. Же Кудайбердиева ажону эч ким билбей эң күчтүү "сыйкыры" менен арбап алды беле?

Кыскасы, бул жагы ит эле болуп  жатат. Эл Кудайбердиеванын өзүн эмес, атын да уккусу келбей калды. "Жел-кемдин чуңкуру көрсүн" дегендер четтен табылат. Гүлмира айым, ушунчаңызда мансапка жабышпай, сыйыңыз (негизи сыйыңыз деле калбады) менен кетип калсаңызчы. Иштеги кетирген ири каталар, кемирейген кемчиликтер, миллиондордун башын жуткан коррупциялык схемалар сизди кызматтан кеткенден кийин деле тынч койбос...Жооп берчү күн да келээр..

Булак: Багыт.kg

Последние новости