www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз элинде жакшы салттар бар эле, эки эр чатакташа кетсе, ортосуна аксакалдар түшө калып жараштырып коюшчу. Бүгүнкү жөнөкөй аксакалдарды теңсинбей эч ким укпайт, ал эми атка минер аксакалдар “дүжүр чалдарга” айланышкан. “Дүжүр чалдар” жышма болуп алышкан, ошондуктан экөөнө калыстыкты айткандын ордуна кайра бири-бирине кайраштырып, жышып келатат. Эң эле өкүнүчтүүсү ушул. Атамбаев - Жээнбеков тандеми 2017-жылы президенттик шайлоодо бирге чыгышып, ошол мезгилде  Бабанов бул тандемге каршы  30 пайыздан ооп кеткен. Мындай КМШда болгон 1995-жылы Ельциндин атаандашы Зюганов  30 пайыздан ооп кетип, Ельцин үчүнчү чыккан Лебедди кошуп алып, араң экинчи турда чыккан. Атамбаев - Жээнбеков тандеми биринчи турда жеңишке жетишти. Жээнбеков президенттик инаугурацияга чейин да, президенттик инаугурацияда да, ал эмес кийинки жылдын апрелине чейин Атамбаевге унчуккан эмес. Арийне, бийлик өзгөрүлбөй кала берген. 2016-жылдагы референдумда өзгөртүлгөн Башмыйзам боюнча өкмөт башчысы фракция жетекчиси менен биригип кызмат ордун дайындайт, ал эми президент 3 күн мөөнөттө кол койот. 3 күн мөөнөттө кол койсо да, кол койбосо да мыйзам күчүнө кирет. Бул акыры президентти “Англия королевасы” деңгээлине түшүрмөк, “Англия королевасы” да түбөлүктүү, бизде кааласа импичмент менен жок кылмак. Анткени, парламент деле бийлик кимде болсо ошого ооп кетмек.

 Жээнбековго президент катары мамлекетте стабилдүүлүк “суудай” керек. Кантип эле мурунку президент Атамбаев оппозицияга өтүп алып чуру-чуу түшүрүп жатканын кааласын. Эгер Атамбаев өз макамы менен жүрө берсе,ага ким тийишмек эле. Атамбаевге да Жээнбеков менен жакшы мамиледе калып ШКУ, ЕАЭС сыяктуу эл аралык саммит Бишкекте болуп калса, Казакстандын мурунку президенти Назарбаевдей жыйынга ардактуу мейман катары катышып турса, же Путинге окшогон мурунку кызматташтары  иш сапары менен келип калса протоколу жок 1-2 саатка божурашып алса болмок.

Ар бир мамлекет башчысы командасы менен келет. АКШдабы, Орусиядабы “ключевый посттордо” бийлик башынын ишенген кишилери турат. Атамбаевдин башкы таарынычы жогорку кызматтарда менин кишим болот, мыйзам боюнча кызматтарды өкмөт башчысы чечет, президент болсо “Англия королевасы” деңгээлине наам, сыйлыктарын берип жүрө берсин сыяктуу. Муну Назарбаев куп пайдаланды, анткени “Нур-Отанга” башка партиялар караандабайт, аны жетектеди,Коопсуздук Кеңешин алды, президенттен кетти, бирок бир топ эл аралык уюмдарга президент болду. Биздин мамлекетте президенттен кеткен адам саясий уюмдарды жетектөөгө мыйзам жол бербейт, Атамбаев президенттен кеткен соң мамлекеттин иштерине киришпей, сый гана четтеп, сыртынан карап турса мынчалыкка жетмек эмес. “Эки дөө кагышса, ортодо кара чымын өлөт” –деген кеп бар, бизде “кара чымындар” өлгөн жок, “кара чымындар” гүлдөдү:

1.  “Кара чымындардын” эки президенттин достугу эмес, кастыгы майдай жагып турган. Бул экөө биримдиктүү оокат кылганда  “кара чымындарга” бийлик тараптан орун жок эле, ошондуктан экөөнү бири –бирине жамандап жатышып, мансап да алышты, бири Жээнбековго, бири Атамбаевге жакындашты.

2. “Кара чымындардын” арасында ар кандай себеп менен Атамбаевдик бийликтен запкы жегендер, куугунтукталгандар бар эле, булар жаңы бийликке жакындашты.

3. Кыргыздын бийликте жок карапайым эли бул экөөнүн тирешип тургандарын көп жактырган жок, бирок куугунтукталган адам эл арасында баркы көтөрүлөт. Атамбаев бийликке каршы чогуу жетелешип жүргөндөрүн бийлик башына келгенде эмне кылды, бул тууралуу унутулат.  

4. Атамбаев менен Жээнбековдун жаатташып турганынын зыянын эл тартат. Себеби улам –улам чыр боло берсе мамлекеттин кызыкчылыгынан, жеке кызыкчылыктар көбүрөөк маанилүү боло баштайт.

5. Элге аймактардын ортосунда карама-каршылыктын деле кереги жок. Бирок эки лидердин эки аймактан чыгышы “Түндүк-Түштүк” маселесине да таасирин тийгизет.

6. “Кара чымындарга” деле жаман, себеби алдастап калышты. Мурун эки тарапта тең жүрүп, бирине-бирин кайраштырып турса, эми бир тарабына гана барбаса уят болуп калат. Кээ бирөө азыр Жээнбековдун колтугунда күн көрүп жатат. Бирок, бийлик да түбөлүк эмес, муну кечээ эле мамлекетти сөөмөйү менен чимирип турган Атамбаев көрсөтүп жатат. Көрсө, бийликтен түшкөн адам, өзүн “бечара” сезип калат окшойт.   

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости