www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик кызматтарды кайсыл аймактын үлкөндөрү башкарат? - деген темада Фейсбук баракчасына Жунис Бекжанов аттуу жаран макала жарыялады. Аталган макала ар кандай максатты таңуулап, ар кайсы жака "жеме" ыргытса дагы жарыялап коюну туура таптык.
Төмөндө макала толугу менен:
Бүгүнкү күндө мамлекеттик чоң кызматтарда отурган чиновниктердин саны боюнча алганда регионалдык баланс кандай сакталган?
Мисалы, учурда президент өзү Ош облусунан, ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Талас облусу, премьер-министр Нарын облусунан, ал эми Жогорку соттун төрайымы Ысык-Көл облусунан. Демек, эң жогорку мамлекеттик үлкөн кызматтар регионалдык балансты толугу менен сактаптыр.
Мындан тышкары бүгүнкү күндө ТИМ министри болуп турган Чыңгыз Айдарбеков Чүй облусунан болот.
ИИМ министри Кашкар Жунушалиев Чүй облусунан,
финансы министри Бактыгүл Жеенбаева Чүйдөн,
экономика министри Санжар Муканбетов Чүйлүк,
транспорт министри Жанат Бейшенов Чүй облусунун кулуну,
УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев Чүйдөн,
Коргоо иштери боюнча Мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев Чүй облусунан,
Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов Чүйдөн,
КР инвестицияларды жылдыруу жана коргоо агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбек Чүйдөн,
КР өкмөтүнүн алдындагы архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Бактыбек Абдиев Чүйдөн,
КР өкмөтүнүн алдындагы миграция мамлекеттик кызматынын жетекчиси Болотбек Ибраимжанов Чүйдөн,
Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматынын жетекчиси Бийлик бутактарын кайсыл аймактын үлкөндөрү башкарууда?
Акылбек Мусаходжаев Чүй облусунан,
КР өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыев Ысык-Көлдөн, КР президентинин кеңешчиси Айбек Азыранкулов Чүйдөн,
Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да Чүйдөн.
Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев Ысык-Көлдөн,
КР өкмөтүнүн алдындагы отун-энергетика комплексин жөнгө салу убоюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы Таалайбек Нурбашев Ысык-Көлдөн,
Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматынын жетекчиси Динара Молдошева Талас облусунан,
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Таластан,
КР өкмөтүнүн алдындагы Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев Нарындан,
ӨКМ министри Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абаддан,
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин министри Улукбек Кочкоров Баткенден, деген пикирин калтырган.