www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп иштеген Кудайберген Базарбаев аттуу иш билги инсан бар эмес беле. Мына ошол инсан жакынкы күндөрү мамлекеттик маанилүү кызматтардын бирине дайындалып калышы ыктымал экен.
Ак үй жактан айтылган маалыматтарга караганда экс-министр Кудайберген Базарбаев аз күн мурун өз каалоосу менен кызматынан бошогон биринчи вице-премьер министр Аскарбек Шадиевдин ордуна сунушталып калышы мүмкүн экендиги айтылууда.
Эгер уккан маалыматыбыз чын чыгып, Базарбаевдин талапкерлиги биринчи вице-премьерликке сунушталып кала турган болсо, анда ал кишинин талапкерлигин депутаттар ойлонбой туруп эле колдоп бергени туура.
Анткени Базарбаев буга чейинки вице-премьерлерге окшоп, коррупциялык былык иштерге аралашкан эмес. Таза инсан. Экинчиден, саясаттагы ар кандай ызы-чууларга, жаман кептерге аралашпаганы менен көп саясатчылардан айырмаланат. Кыскасын айтканда Кудайберген Базарбаев аткаруу бийлигинин ишин алга сүйрөй турчу татыктуу кадырлардын бири. Анын талапкерлиги колдоого алаарлык.
Булак: NazarNews.kg