www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасына расмий сапарынын алкагында Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрктүн мавзолейине барып, анын бейитине гүлчамбар койду. Ошол эле жерден Сооронбай Жээнбеков Ардактуу меймандардын китебине Түркия Республикасынын элине тынчтык жана бакубатчылык каалаган жазуу калтырды. бул тууралуу маалыматты президенттин басма-сөз кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-апрелде расмий сапар менен Түркия Республикасына барды. Президент Сооронбай Жээнбековду Түркия Республикасынын вице-премьер-министри Хакан Чавушоглу, Анкара облусунун губернатору Эржан Топажа, Анкара шаарынын мэри Мустафа Туна, Анкара территориалдык гарнизонунун начальниги Али Сиври, Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат жана Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов тосуп алышкан.
Адаттагыдай, аэропортто ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.
Расмий сапардын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда жолугушат. Андан тышкары Түркиянын Премьер-министри Бинали Йылдырым жана улуттук Улуу жыйындын спикери Исмаил Кахраман менен жолугушат.
Визиттин алкагында кызматташуунун түрдүү тармактарында бир катар документтерге кол коюлат. Эки президенттин жолугушуусу кандай өтөт, күтө туралы. Ачуу чындыкты ачык айткан Түркия Президенти, Эрдоган экстин Түркиядагы байлыгын ашкере кылбаса болду. Анткени, Алмазбек Атамбаев менен Эрдогандын ортосунан кара мышык өткөнү, Эрдогандын кыжырын келтирип жүргөндүгүн эл аралык даражадагы үлкөндөрдүн баарына маалым. Кыскасы кызыктар алдыда.
Булак: NazarNews.kg