www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” деген макал учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевге куп жарашып турат. Анткени, акыркы 6 жылда Кыргызстанды башкарып туруп “уурулардын орду түрмөдө, мен тазамын, мыйзамды бузган учурда жооп берем” деп какшай берип элди ишендирип койгон экен.

Көпчүлүк Атамбаевди таза жетекчи катары сыпаттап жүргөндө ал кызматтан кеткенден кийин анын эсти оодарган афералары, Бакиев менен Акаев жасай албаган коррупциялык иштери ашкере боло баштады. Бир эле Бишкек ТЭЦин оңдоодон 150 млн. доллар “сугунуп” алганы элдин канын кайнатып, катуу кыжырын келтирүүдө.

АША өзү эле уурдабай жансакчы, шоопур, кампачы, катчысына да мүмкүнчүлүк түзүп берип, жакын адамдары аркылуу болушунча Кыргызстанды тоногон экен. 2010-жылга чейин катардагы бажычы Раим “миллион” дал ушул Атамбаевдин доорунда өсүп чыкты.

Ага шарт түзүп, кызматтан-кызматка көтөрүп келген мурдагы Бажы кызматынан төрагасы Кубанычбек Кулматовго 19-майда КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүнө (Коррупция) ылайык, кылмыш иши козголду.  УКМК тараткан маалыматка ылайык, 2014-жылы К.Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде TBEA компаниясы тарабынан мектеп курулушу үчүн берген 2 млн.

АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык каражатты жеке кызыкчылыгына пайдаланган деп айыпталууда. Ошондой эле, Кулматов “Альто Групп” ЖЧКнын жетекчилери менен сынактан тышкары келишим түзүп, Кытай компаниясы менен түздөн-түз жеке компаниянын эсебине 1 млн. АКШ долларын которгонго жетишкен. Ошондой эле, Калыс Ордодогу мектептин курулушу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн сом бөлүнгөн. Учурда жеке жалданма компаниясынын жетекчилеринин бири кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

К.Кулматов кылган иштери үчүн учурда сурак берип жатат. Бирок, АШАнын аткошчулары кылмыш иштерин “саясий куугунтук” катары баалап кызыл кулактык кылууда. Ага коомчулук ынансачы. 6 жыл бою Атамбаев саясий каршылаштарын куугунтукка алып келгени ырас.

Ал эми Кубанычбек Кулматов, Сапар Исаков сыяктуулар куугунтукка алына турган, бийликке коркунуч жарата турган саясий фигура эмес. Андыктан алар коррупциялык аракеттерин эч качан башка нукка бура албайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости