www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Бек мырза, жашооңузду бильярдсыз элестете аласызбы?
– Бильярд ойноп жүргөнүмө 10 жылдан ашты. Бул оюн менен убакытты көңүлдүү өткөрөм, эс алам дегендей. Бильярд таптакыр ойнобой коюп деле жашай алам. Мындайча айтканда, бекерчинин иши да.
-Мурутуңузду кырып салууга даярсызбы?
– Ушул мурутумду көбү ойлошсо керек, Бектин «фирменный» стили деп. Чынында, андай эмес. Мурутумду идеалдаштырбайм. Бир нече айлап мурутум жок деле жүрө берем.
-Сизди сахнага арак ичип чыгат деп айтышат. Бул чынбы?
– Негизи, арак ичип чыгып көргөм. Бирок ичип алсам ырдын сөздөрүн унутуп, ырдай албай калат экенмин. Сахнага чыгарда эч кандай ырым-жырым колдонбойм. Концерт жакшы өтсүн деп бата кылып чыгам.
-Өзүңүздү сексуалдуумун деп эсептейсизби?
– Мен өзүмдү сексуалдуумун деп эсептебейм. Эми өзүмдү-өзүм сексуалдуумун десем уят го.
-Бажыда иштеп жүргөндө пара алгансызбы?
– Мен бажыда пара ала турган кызматта деле иштеген эмесмин, чынында. Бир бөлүмдү жетектегем. Ооба, пара алгам деп айтсам да эч ким ишенбейт.
-Депутат болгуңуз келеби?
– Келечектеги пландарымда саясатка аралашуу бар. Ошондуктан бул суроого ооба деп жооп берем. Кийин дагы депутаттыкка талапкерлигимди коюп калсам, «баягыда жок деп жооп бергенсиң» деп жүрүшпөсүн.
-Кримчөйрөдө достору бар дешет. Бул да чынбы?
– Чыгармачыл адам болгондон кийин коомдун түрдүү катмарындагы өкүлдөрүнүн жакшылык-жамандыктарына барууга туура келет. Аталган чөйрөдө деле ыр сүйгөн, ырчылардын талантын баалагандар бар. Алар менен ысык мамиледе болбосок да, тааныштарданбыз.
Маржан Назарбаева, NazarNews.kg