www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

КСДП депутаты Мурадыл Ганиевич Мадеминовго

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Мурадыл Ганиевич! Ошончо мансап, бийлик колунда турса да байлыка,арам  тамака сугунбаган,өзүнүн жакшы касиеттерин коомубузга көргөзүп, изин тарыхта калтырган Апсамат Масалиевдей атабызга асылганыңызды биз кечирбейбиз. Азыркы тойбос аткаминерлерибиз Апсамат атабыздан үлгү ала турган.Тез эле жол тандабас минип, көп кабаттуу үй салып, алкымын толтурган жетекчилер артка кылчайып, Апсамат Масалиевдей мансап, бийлигинен пайдаланбай, эл үчүн таза иштеген аттуу, баштууларыбызга таазим этиштин ордуна ,оозуңуз кыйшайбай асылдыныз.

Тарыхый инсан Апсамат атабызга асылгыча өз агаңыз Асранкулов Мурзалимди тыйып албайсызбы?

Мен, Мадеминовдун агасы Кадамжай району, Айдеркен шаары, Кызыл-Кыя шаарынын экотех.инспекция башкармалыгынын башчысы М.Асранкуловдун былыктарын айтып өтөйүн. Кызыл-Кыя шаарындагы жол боюндагы капиталдык курулуштарга уруксатты мыйзамсыз берип салганы толтура. Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүндөгү жаңы курулган мектепти өрт коопсуздугун сактабай, курулуш эрежелерин карабай, мамлекеттин балансына алды. Андан сырткары 2013-жылы бүткөн «Жоогазын» аттуу бала бакчаны быйылкы жылы курулду деп иштөөгө уруксат берди.М.Асранкуловго Айдеркен элинде да нараазычылык толтура. Экотех.инспекция кызматкерин өткөн жылы УКМК кызматкерлери пара менен кармашкан. Эко.тех.инспекция кызматкерлери пара алуу менен документ жасап берет деп элден даттануу пара менен кармалганы менен ашкереленип уят болушкан. 

Экотех.инспекция башчылыгына М.Асранкуловду шоопур Икрам Илмиянов менен экс Кадамжай акими Акрам Камбаралиевичдин колдоосу менен коюлган. Болбосо Мурзалим Асранкулов кесиби боюнча агроном болсо, курулуш тармагын түштөнбөйт. Аталган курулуштарда өрт чыкса Акрам Мадумаров, Мурадыл Мадеминов же шоопур жооп береби?

Акрам Мадумаровдун командасы Мадеминов баш болгон коррупциясы гүлдөп кетти. Айта берсе Мадеминовдун былыктары толтура. Баткен облусунда өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем деп өтө байып алышты. Азыр ал заман бүттү, таза ажобуз С.Жээнбековдун доору экенин эске алып койсун. А.Атамбаев айткандай «кыргыздын душманы кыргыз» болбой, Кадамжай элин кыжырдантпай Апсамат Масалиевге асылганы үчүн кечирим сурап койсо болмок элинен.

Эл айтып жатат:«Мадеминов шарыятка жатпаган спирт сатып байып депутат болгон» деп.

Роза Маманова, Баткен облусу

0777 77 95 83

Последние новости