www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күйөөмдүн ойношунан баласы бар экен

“Билесиңби” жаштар долбоору ар бир келген суроолордо анонимдүүлүктү сактап, тиешелүү адистерден өспүрүмдөр менен жаштарга жооп алып берип келет. 

Мен 37 жаштамын. Күйөөм менен жашаганыма 15 жыл болду. Ойношу пайда болгонго чейин урушуп-талашкан эмеспиз. Ортолорунда бир бала бар, күйөөм ага жардам берет. Өзүбүз болсо батирде турабыз, 4 балабыз бар. Балдарым деп гана чыдап жүрөм. Эмне кылсам болот, жардам бериңиздерчи.

Эксперттин жообу

Тамара Воронцова

Урматтуу айым, биз, аялдар, кыянаттыкты саткындык деп кабыл алып, таарыныч, жек көрүү, сыйлабастык пайда болуп, күйөөбүздүн жүзүн көргүбүз келбей, көз ирмем сайын басынтылганыбызды эстей бергендиктен, аны менен жашоо кыйын болуп калат. Ортолорунда бала дагы бар экен, ал бала эми өмүр бою силердин жашооңорго кирип турат. Баса, аял никесиз төрөп алса, балким, ага бала керек болгондур, балким демилгени ал көтөргөндүр, эркектер табиятынын мындай нерселерге  каршы туруусу кыйын болот. Ошондой эле, никеде сиз жолдошуңузга эмнелерди бере алган жоксуз, сизден ага эмне жетпей жатты, ойлонуп көрүңүз - бул абдан маанилүү!

Эркек менен аял  үй-бүлө курбай туруп деле жашай алат экенин унутпашыбыз керек. Үй-бүлө балдар үчүн жаратылат!

Сиздин күйөөңүз ал аялды чындап эле сүйсө, анда ал ага кетмек. Эркекти  мындай учурда балдар менен дагы кармай албайсың. Күйөөңүз сизди  таштап кеткен жок,  бул жакшы! Өзүңүз аны эч качан кууп чыкпаңыз. Эркек ага жакшы болгон жерде жашайт. Ал кетип калса, бардык кыйынчылыктар сиздин мойнуңузга артылат, анан дагы ойношу экөө  чогуу жүргөнүн көрүп турасыз. Башка эркекти жолуктурасызбы же жокпу-бул башка суроо. Талкуулап көрүңүз: ал жакшы күйөөбү, жакшы атабы, ата-энеңизге сый-урмат көрсөтөбү, кыйын учурларда ишенимдүүбү, жана башкалар? Ооба болсо, анда ажырашпаңыздар. Кечирип жана таарынычтан арылууга психолог жардам берет, минтип жашоого болбойт.

Бардык диндер кечиримдүүлүккө бекеринен үйрөтпөйт. Муну менен биринчи кезекте, сиз ден-соолугуңузду жана балдарыңыздын бактылуу балалыгын сактап кала аласыз.

Үй-бүлөңүздөрдү камсыз кылууга аракет кылбаңыз, күйөөңүз сиздерди баксын, тиги балага дагы жардам берсин. Ушундай болуп калгандан кийин, көбүрөөк иштесин. Өзүңүзгө кам көрүңүз. Дагы  көптөгөн суроолорду чечүү керек, психологго барыңыз. Эгерде кетип калса - маселелер жана көйгөйлөр да көп болот! Баарын өзгөртүүгө мүмкүн! Азыр өзүңүз менен күрөшүү абдан маанилүү! Бактылуу болуңуз! Сиз бакытка татыктуусуз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости