www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канатбек Исаев чыкты

Эки кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарганын парламенттин депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Исаевдин адвокаттары баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирген.

Канатбек Исаев былтыр октябрь айынан бери камакта болчу. Ага бийликти басып алуу аракетине байланыштуу кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Токмок шаарында мэр болуп турган учурундагы иш боюнча коррупция айыбы коюлган.

Буга чейин Бишкек шаардык соту Исаевге карата "Коррупция" беренеси боюнча райондук сот 10 жылга кескен ишти "мөөнөтү өттү" деген жүйө менен токтоткон эле. Ал эми "Бийликти басып алуу" беренеси боюнча иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости