www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди 7 жыл ичинде жакшы эле билип калдык. Ал эми Сооронбай Жээнбековдун ажолук кызматка келгенден берки кадамдарына сарасеп. Бардык нерсенин баасы салыштыруудан билингендей, азыркы Президенттин кимдигине баам салуу үчүн Атамбаевди эске салуу зарыл.

1. Артында “кара булут” сөздөр жок. Атамбаев президент боло электе эле артынан ар кандай күбүр-шыбыр кептер ээрчип жүрчү. “Мамлекеттин 50 млн рубль акчасына өзүнө завод-фабрика сатып алган”, “оппозицияны сатып кеткен”, “ойноштору бар” деген сыяктуу кептерди ырастап берчүлөр да көп болчу. Жээнбековдун артында буга окшогон көлөкө түшүрөөр шыбыр кептер ырасында жок. Тескерисинче, ата-тэгинин кадыр-баркы, өзүнүн ыйманы тууралуу жылуу пикирлерди көп угууга болот.

2. Оор басырыктуу, салабаттуу жетекчи. Сыйлуу коноктор, эл аралык саясатчылар, башка өлкөлөрдүн президенттери менен жолугушканда өз орду менен мамиле кылып, өзүн татыктуу алып жүрөт. Атамбаевдин бул жааттагы жүрүм-туруму көптөгөн кыргызстандыктарды уялтып, намыстарын козгочу. Путин менен Эрдоганды жеткен жерде кылыктанган кыздарча кучактап, өпкүлөп киргени көзгө өөн учураар эле. Бул боюнча Жээнбеков менен Атамбаевди бир катарга тизүүгө мүмкүн эмес.

3. Сөз кадырын билет, “балпылдабайт”. Жарым жылдык ишмердиги ичинде С.Жээнбеков далай эле жолу коомдук жана расмий иш-чараларга катышып, сөз сүйлөп келет. Бир да жерде Атамбаевчесинен ар кимди оңду-солду тилдеп, саясий каршылаштарына, Бакиевге ыплас сөздөрүн агыткан жок. Барган жердин баарында “Манастын мекени Орусия”, “Алтын-Ордонун мураскери казактар”, “Куранда андай эмес, мындай” деген сыяктуу ээ-жаа бербеген күлкүлүү фантазиясын бирөөлөргө таңуулаганын көрө элекпиз.

4. Бийликтин башка бутактарына кийлигишпейт. Жээнбековдун мурунку досуна окшоп парламенттин ишмердигине багыт көрсөтүп, өзүнө ыңгайлуу мыйзамдарды кабыл алдырып жатканы байкалган жок. Ал эми сот бийлигине Атамбаев менен анын шоопур-жансакчы аткошчулары басым жасап, каршылаштарын каалагандай соттотуп келгенин эл унута элек. Жээнбековдун тергөө органдарына, сот инстанцияларына көрсөтмө бергенин эч ким болжолдоп да айта албайт. Мурунку бийлик саясий каршылаштарын КТРК баштаган көз каранды ММКлар аркылуу ыплас жугундуларды куюп келген болсо, азыркы ажонун учурунда мындай нерсе байкалбайт. Коррупцияга шектелип амалып, соттолуп жаткан саясатчылар тууралуу каралоо, жалган-чынды койгулаштырып ушактоо КТРКнын эфиринде көрүнбөйт.

5. Мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы алдыга чыгып, чет өлкөлөр менен достукту чыңдоого артыкчылык берилүүдө. Эгерде Атамбаев коңшу Казакстан, Өзбекстан, бир тууган Түркия жана алыскы дос АКШ менен ажылдашып, басымды бир гана Орусияга жасап келген болсо, Жээнбеков бир тараптуулукту жойду. Орусия менен Кытайга бийлик башындагылардын жеке чөнтөгүнүн кызыкчылыгы аркылуу гана көз каранды болуп келдик эле. Азыр Казакстан, Өзбекстан, Түркия менен бузулган мамилелер өз калыбына келди, достор кайра табышты. Мында Сооронбай Жээнбековдун аты башкы сапта турат. Азырынча президенттин атына айтылган 5 пикир мындан ары да улантыла берсе деген гана тилек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости