www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күйөөсү аялын өлтүрүп, өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 26-июлда саат 07:23 чамасында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Ак-Жар айылында бычактан жаракат алуу фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн.
Аламүдүн РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, аялдын жансыз денесин табышты.
Ал 1986-жылы туулган И.Г. аттуу жаран болуп чыкты. Мындан тышкары, ошол эле жерден жаракат алган эркек адам табылды. Алдын-ала маалыматтар боюнча ал дагы бычактан жаракат алган. 1983 жылы туулган З.Ж. аттуу жаран тез арада ооруканага жеткирилди.
Аталган факт Аламүдүн РИИБде Жазык кодексинин 130 (адам өлтүрүү ) беренеси менен каттылып, сотко чейинки өндүрүш башталып, керектүү экспертизалар дайындалды.
Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
Булак: NazarNews.kg