www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын бир катар аймактарында эл нааразычылык билдиришти. Буга, күйүүчү майдын баасын кымбаттатуу жана сатууга квота киргизүү тууралуу өкмөттүн чечими себеп болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Мааалыматка караганда, Мешхед шаарында чоң жолдо айдоочулар автоунааларын токтотуп коюп, нааразылык билдиришкен. Сиржан, Мешхед, Ахваз, Бандар-Аббас, Шира шаарларында толкундоо болуп, Сиржандагы кыжырланган эл аймактагы мунай заводун өртөөгө аракет кылышкан.
10-ноябрда Ирандын президентти Хасан Роухани өлкөнүн түштүк-батышында 53 миллиард барелдик жаңы мунай кору ачылганын айткан. Ал эми Тегеран буга чейин даярдалган мунай кору 150 миллиард баррелге барабар экенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg