www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дайынсыз жоголгон бала табылды

12-ноябрдан бери дайынсыз жоголгон Ысакбек Бозонов аттуу бала  Жумушчулар шаарчасындагы  интернет клубдардын биринен табылды. Бул тууралуу жоголгон баланын апасы NazarNews сайтына кабарлады. 

"Бүгүн саат 12:00 баламды Жумушчу шаарчасындагы “Алимп” деген интернет клубунан таптык",  деп баланын апасы Чолпонай Акматова билдирди. Ысакбек 4 күндөн бери үйдөн алып чыккан 1000 сом менен тамактанып, интернет клубдан оюн ойноп жүргөн.

Эске салсак,  PUBG LITE деген компьютердик оюндун  айынан , уулум 12-ноябрдан бери жоголду деп Ысакбек Бозонов аттуу баланын апасы Чолпонай Акматова, жергиликтүү маалымат агенттиктерине  кайрылган.  Анын айтымында  жаш балдарды азгырган жаӊы оюн чыкканын жана ага уулу баш-оту менен берилип кеткенин белгилеген «Азыр PUBG LITE деген компьютердик оюн чыгыптыр. Ошол оюнга уулум баш-оту менен кирип кетти. Таӊ заардан кечке чейин оюндан чыкпай калган. Уулумду ошол оюндан чыгарам деп, англис тил курсуна, күрөшкө киргизгем болчумун. Бирок ал жактарга барбай эле компьютердик клубдарга кетип калчу экен Жоголгон күнү мектептен акыркы сабактан качып кетиптир. Үйгө келгенде, «апа мектепке сумкам калып калыптыр» деп тез эле чыгып кеткен. Ошону менен кечки саат 21:00дө келди. «Сумкаң кана?» десем, «мектепке барган жокмун» деди. «Анда спорт залга бардыӊбы?» десем, «ооба бардым» деди. Бирок мен ага ишенбей, машыктыруучусуна телефон чалсам, «эже балаӊыз келген жок» деди. Ошондо уулумду аябай урушуп, «Ошко айылга барасыӊ» деп койгом. Ошол тапта бир сиӊдим көз жарып, мени төрөт үйүнө чакырып калышты. Улуу кызым менен кичүү уулумду кошо ээрчитип алып, төрөт үйүнө кеттим. Бул балам үйдө калган. Мен аны жалгыз калтырып, ишенип таштап кеткенимдин себеби, ал буга чейин минтип түн ортосунда чыгып кетчү эмес. Биз төрөт үйүнөн келсек, балам үйдө жок экен. Кат таштап кетиптир. Катка: «Мени издебегиле, эртеӊ келем» деп жазыптыр. Ошону менен келген жок. Биз шаардагы бир топ интернет клубдарды кыдырып издедик жана милицияга арыз жаздык деп кайрылган.

Чолпонай айымдын айтымында, жогоруда аталган оюн жаш балдарга белек таратып, кызыктырып жатат.

«Бул оюндун байгесине белектер коюлат экен. Дем алыш күндөрү бекер тамак-аш берип турушат экен. Көп акчаны ортого коюп, мелдештирип ойноторун уктум. Мен башка ата-энелерге да айтарым, балдарын ушундай азгырык оюндардан алыс кармап, сак болгула дейт элем. Ошондой эле атайын органдар бул оюнду көзөмөлгө алышы керек», - деди кошумчалады.

Булак: NazarNewsw.kg

Последние новости