www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кубанычбек Кулматовдун паспорту боюнча ишти карап жатат. Айыпталуучунун коомдук жактоочусу Токтайым Үмөталиеванын Каттоо кызматынын арызын артка кайтаруу өтүнүчүн сот канааттандырган жок. Адвокат Сергей Слесаревдин бул ишти кароодо УКМКны да үчүнчү тарап катары катыштыруу талабын да сот четке какты.

Соттун жүрүшүн фото-видеого алууга тыюу салынды.

21-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматы Кубанычбек Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Мекеме буга Кулматов 1996-жылы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганын жүйө келтирген. Кийин УКМК бул боюнча түшүндүрмө берип, Кубанычбек Кулматов СССР убагында алган паспортун жоготуп койгонун айтып, Орусиянын да Кыргызстандын паспортун жана жарандыгын алып алганын билдирген.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кулматовдун адвокаттары бул аракеттерди "акылга сыйгыс" деп баалоодо. Алар мындай жол менен Кулматовго басым көрсөтүлүп жатканын айтып келет.

Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып тагылган.

Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде экинчи кылмыш иши козголгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны "1996-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат. Азыр Кулматов УКМКнын тергөө абагында отурат. Биринчи май райондук соту анын абактагы мөөнөтүн үчүнчү жолу узартып, 28-октябрга чейин камакта калтырган.

Булак: "Азаттык"

Последние новости