www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Жогорку соттун төрайымы болуп бекиген Гүлбара Калиевага ишеним артса болобу? Жакшы иштеп бере алабы? Сот тармагын реформалоого күч-аракети жетеби деген суроо менен айрым белгилүү инсандардын ойлорун билдик...

Кайрат Осмоналиев, юридика илимдеринин доктору:

-Менин билишимче, Жогорку соттун жаңы төрайымы Гүлбара Калиева абдан тажрыйбалуу жана мыкты соттордун бири десем жаңылышпаймын. Жогорку сотто 2015-жылдан бери эмгектенип келет, сот тармагында кадыр-баркы жогору инсан катары билемин. Мен чын дилимден Гүлбара айымга ийгилик каалаймын. Бир аз убакыт өтсүн, анан анын ишине да баа беребиз.

Өмүрбек Абдрахманов, саясатчы:

-Авторитардык системада соттон калыстыкты күткөн, текеден сүт күткөн менен барабар. Проблема адамдарда эмес, проблема системада...

Тынчтык Шайназаров, Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты:

-Гүлбара Калиева ишенимди актап иштесе керек деген ойдомун. Себеби президент ишеним артып дайындады. Мурдагыга салыштырмалуу аздан болсо дагы сот реформасы жүргөнсүп келе жатат. Баары эле дароо кайдан тазалана калсын. Акырындык менен бардыгы жакшы болот деген ишеничтемин.

Курманбек Осмонов, юрист, Жогорку соттун мурдагы төрагасы:

-Жаңы төрайымдын кандай иштээрин убакыт көргөзөт да. Жогорку сотто ушуну менен акыркы жылдары үчүнчү айым башкы судья болуп иштеп жатат. Буга чейинки эки айым бири-бирине окшош эле иштегенсиди го. Эми Гүлбара Калиевага ишеним артып туралы...

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

-Жогорку сотту жетектеген буга чейинки эки айымдан Гүлбара Калиева ашыкча иштеп кете албайт. Кандай иштээрин убакыт көргөзөт. Тилекке каршы, сот системасы талкаланып бүткөн, сотторду тандоо комиссиясы коррупцияга абдан малынган жана судья болуп дайындалып жаткан соттордун көбүнүн тажрыйбалары абдан төмөн.

Мугалим болуп иштеп жүрүп эле чала-була адвокат болуп, анан сот болуп иштеген соттор бар. Андайлар менен ишти алдыга жылдыруу өтө татаал...

Булак: "Фабула" 

Последние новости