www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен товарларды сатуу керектөөчүлөрдүн укугун бузууга кирет. Мындай товарлар сатылган учурда «Бузуулар» кодексине ылайык, юридикалык жактарга 17 миң сом, жеке жактарга 5500 сом айып салынат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо башкармалыгынын башкы адиси Зарина Кулмуратова билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдарда көрсөтүлгөндөй азык-түлүктөрдүн баасы 20%га чейин көтөрүлсө, агенттик көзөмөл жүргүзүп, наркын жогорулаткан сатуучуларга айып салынат.

Карантинде жогорудагыдай көрүнүштөр боюнча юридикалык жактарга 17, жеке жактарга 3500 сом айып салынган. Ал эми учурда азык-түлүктүн бааларына мамлекеттик көзөмөл жок.

Кулмуратова мындан сырткары, дүкөндөргө «товар кайтарылбайт» деген жазуулардын илиниши мыйзамга дал келбей турганын эске салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости