www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү журналист Бермет Букашеванын “Бийлик сырлары” автордук программасында экс-Феликс Кулов менен кенен маек куруп, Кулов адаттагыдай өзүн сүттөн ак мыкты жетекчи, накта генерал катары көрсөтүп армансыз мактанып алды. Бирок, турмуш чындыгында анын пиарщиктери тарабынан ойлоп табылган «темир генерал» деген каймана даражасы эл ичинде эбак эле «картон генгерал» болуп калганы качан.
Айтмакчы ошол маектин жүрүшүндө Букашеванын «Рысбектин тапанчасынын кароолунда сиз турганыңызды кезинде Акматбаев өзү бизге айтып берди эле» деген маанайдагы суроосуна теригип кеттиби же журналисттен күткөн башкы сууроолордун бири ушул беле, (балким башка да себептери барбы) ал маркум болуп кеткен криматалык Рысбек Акматбаевди Букашева менен болгон маегинде да болушунча коркок жана коркунучтуу адам катары каралап өттү.
Ошондой эле өз пикиринде «мен болгонун болгондой айтып берейин, чынымды айтайын, мен аны атып салгым келген. Кудай бар, андай күнөөгө батканым жок, аны өзүнүн эле адамдары атып кетишти. Буга Бакиевдердин катышы бардыгын айта албайм, бирок алар анын жок болушуна кызыкдар болчу» деген ойду да кыйытып өттү. Ф. Кулов так эле ушундай өзүн-өзү көкөлөткөн маегин ала жазда «Жаңы Ордо» гезитине берип, анда да Рысбек Акматбаев туурасында терс пикирин билдирип, жаны жаннатка кеткен адамды мазактагандай эле болгон.
Ал маек гезитке жарыялангандан көп өтпөй андагы маектин бир топ жерлери калп экенин Жогорку Кеңештин депутаты, ИИМдин экс-министри Зарылбек Рысалиев Жогорку парламент трибунасында туруп ашкерелеген.
А балким Кулов дагы деле кимдир бирөөгө (балким Азиз Батукаевге) жагыныш үчүн Р. Акматбаев тууралуу пикирин улам эскиртпей мүмкүнчүлүк болгон жерден эле айта калып жүргөнүнүн себеби ушундадыр? (балким?)
Кантемир Исаев, Бишкек шаары
Булак: "Айгай"