www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кашкадарыя облусундагы Касан районунун башчысы Бахтияр Ражабов жергиликтүү ишкер Фазилат Нормурадованы элдин көзүнчө кемсинтип, сабады. 11-сентябрда ишкер президенттин көчмө кабылдамасына даттангысы келген.

Касан районундагы базарда соода кылган 49 жаштагы Фазилат Нормурадова 11-сентябрда жер тилкеси боюнча президинттик администрациянын өкүлдөрүнө даттануу үчүн барган маалда сабалганын билдирүүдө. Ишкердин айтымында, ал район башчысынан жер маселесин чечип берүүнү өтүнүп, болбосо президенттик администрациянын өкүлдөрүнө кайрыла турганын билдирген.

«Ал мени дароо жаман сөздөр менен тилдей баштады. Анын кемсинтүүсүнө мен дагы жооп бердим. Анан ал жакын келип мойнуман муунтуп, экинчи колу менен ургулай баштады. Ары жактан чуркап келген 3-4 киши араң ажыратышты. Ошол маалда район башчысы күтүлбөгөн жерден мени курсакка катуу тээп жиберип, мен эсимди жоготуп жыгылып калдым», — деди Фазилат Нормурадова.

Ал ооруканадан гана эсине келгенин кошумчалады. «Мени ооруканага тез жардам кызматы менен жеткиришкенин айтышты. Мээм катуу чайкалыптыр, беш күн бою кускум келип жүрдүм. Азыр дагы өзүмдү начар сезип турам. Башым айланып, кээ бирде кускум келип жатат», — деди ал.

Өз кезегинде район башчысы Бахтияр Ражабов дарегине айтылган айыптоолорду четке какты. «Мындай маалыматты кайдан алдыңар? Менде бирөөнү сабагандан башка ишим жок бекен? Биз иштеп атабыз, жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат. Силер болсо анын баарын эске албастан мени айыптап жатасыңар. Мындай сөздөр менен мени алагды кылбагылачы», — деди аткаминер.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынан билдиришкендей, Нормурадованын арызынын негизинде тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Буга чейин Касан районунун башчысы Бахтияр Ражабов кол алдындагы кызматкерлерди кеминтип, сабап жүргөнү кабарланган.

Булак: "centralasian"

Последние новости