www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Дарыгердин ченеми - чеңгелинде, эрдиги - энтиккен ооруну жеңгенинде”,- дегендей, Күлүйпа эже бир канча жылдан бери адамдарды не бир шумдук дарттардан арылтып, Кудайга үнү жетип, жашоодон үмүтү өчкөндөргө өмүр тартуулап, алкышка татып, медицина дарысын таба элек рактан жабыркагандарга жардам берип, сакайтып келет. Күлүйпа эженин дарыгерлик касиети күчтүү болгон үчүн канчалаган дарттарды эч бир аппаратсыз, тамыр кармап аныктап, негизги дартты таап, диагноз коюп кабагым-кашым дебей дарылайт. Диагнозду мыкты койгон Күлүйпа эже менен баарлашып, ичегинин жабыркашын, геморрой неден пайда болоорун жана кант диабетин пайда кылган жагдайлар, эркектер кабылчу “простатит” дарты тууралуу баарлаштык.

Ичеги жабыркаса көздүн көрүүсү начарлап, геморрой күч алат”

- Ичеги адам баласындагы маанилүү делген органдардын катарын толуктайт. Ал тамакты сиңирип, калдыктарын бөлүп чыгарууда чоң ролду ойнойт. Ичеги инфекциядан жана сезгенүүдөн, суук тийүүдөн жабыркайт. Ичегидеги дарттарды этибар албай жүрө бергендер опурталдуу дарттарга чалдыгып калат. Башкача айтканда, жоон ичегидеги билинбей жүрө берген дарт, заңдын организмде көпкө сакталышы көздүн көрүүсүн начарлатат. Ошондой эле адамдын өлүмүн тездетип жиберет. Көптөр маани бербей жүрө берген заңдын организмде үч күн сакталышы да адам баласынын ден-соолугуна терс таасирин тийгизет. Башкача айтканда, үч күн сыртка чыкпай жүрө берген заң ууну бөлүп чыгып, ашказанды, боорду, өттү жабыркатат. Ошондуктан ичти катырбашка, убак-убагы менен заңдап турууга адам баласы өзү аракет кылышы керек. Айтайын дегеним, ичегилер сезгенип, суук тийип калса да заң катат. Ыйынып отуруп, геморройду пайда кылат. Медицинада геморройду “көтөн чучукту операция кылып сакайтабы”з деп ойлойт. Эгер ичеги толук сакайбаса, учун кесип салган менен адам баласы геморройдон толук сакая албай калат. Анткени, ичеги сезгенүү, суук тийүүдөн сакайбаса, кайра эле ичти катырып, адамды мурункудай эле онтогон абалга кептеп коёт. Геморрой нервдин көп жайгашкан жери болгондуктан, аны кайра-кайра кескилей бергенге болбойт. Геморройду операция кылгандан кийин адам баласы заңын да, желин да кыпчый албай калат. Ошон үчүн геморройду операциядан мурун ичегинин бетиндеги жабыркаган катмарын сакайтыш керек. Себеби, ичегинин жабыркаган катмары сакайса, геморрой өзүнөн-өзү сакайып, операциясыз эле калпыс айыгып кетет.

Мен адамдын ичинде сакталган заңды көздүн карегинен жана беттин түсүнөн билем. Заңдын организмде көп сакталышы өт, боор, ашказанды эле эмес, беттин өңүн да бузат. Ошон үчүн мага кайрылгандарды бир күндө канча жолу заара ушатканынан канча жолу заңдаганына чейин сурап, көзөмөл кылам. Анткени заара менен заңдын жетиштүү өлчөмдө чыгышы организм үчүн чоң мааниге ээ.

“Мите курттар канга өтүп, кычышкан дарттарды жаратат”

- Айтмакчы ичеги таза жуулбаган жер-жемиштен жана инфекциядан эле эмес, мите курттардан да жабыркайт. Мурун бир-эки түрдүү эле курт болсо, азыр алардын түрү да көбөйүп кеткен. Ал курттар ичегиден канга өтүп, аллергия же кычышкан дарттардын көбөйүшүнө шарт түзөт. Маселе канда болгон үчүн жабыркаган жерге маздын түрүн тарткан менен жардам бербейт. Анткени, алгач канды тазалаш керек. Кан тазарса, күнү- түнү жанды койбой тытынткан жаралардан арылып, адамдын уйкусу тынч болуп, санаркаткан дарттан арылат.

“Өттү алдырып салса, анын фунциясы бузулуп, башка органдар жабыркайт”

- Өттүн начар иштебегени, ашказанда дарттын болгону да ичегилерге терс таасирин тийгизет. Башкача айтканда, оору бири-бири менен байланышта болот. Негизги дартты таппасаң дарылаганыңдан майнап чыкпайт. Акыркы мезгилде өттү алып салуу адатка айланып баратат.

Мен начар иштесе да, өттү алып салгандарга каршымын. Анткени, өт анда-мында бир тамса да, тамактын аш болушуна жардам берет. Эгер өт алынып калса, анын функциясын эч бир орган аткара албайт. Башкача айтканда, өттүн алынышы менен адамдын ооруга чалдыгып же иштөөсү начарлай баштаган органдары жабыркайт.

Өттүн жакшы иштебегени, ашказанда проблеманын болушу да ичегилерге терс таасирин тийгизет. Оору деген бири бири менен байланышта болот. Негизги дартты таппасаң дарылаганыңдан жарытылуу деле майнап чыкпайт. Негизи адам баласынын каны, боору таза болсо көп ооруларга туруштук берип, көп өмүр сүрөт.

“Кан диабети стресстен пайда болот” 

- Ысык банядан кийин денени чыйралтыш үчүн муздак сууга чайканганды жакшы көргөндөр бар. Бирок, муздак сууну куярдан мурда ага организмди алдын-ала даярдаш керек. Антпесе, ысык пардан кийин денеге тийген муздак суу ичегини, канды жана башка органдарды да сезгентип, жаман дарттардын пайда болушуна, анын өрчүп кетишине шарт түзөт. Катуу чоочугандан, корркондон кан сезгенип, көп адам жабыркап, азабын тартып сакая албай жаткан кант диабети пайда болот. Ошондой эле стресске кабылгандар, гормондорун бузулгандар да ушул дартка кабылат. Ошон үчүн кант диабетин дарылардан мурун неден пайда болгонун аныктап, туура диагноз коюп алса, сакайтуу оңой болот.

“Дарт аныктаган медициналык аппараттар уктап жаткан рак клеткаларын ойготот”

- Мен кайсы бир дартты аныкташ үчүн УЗИге кайра-кайра түшө бергенге каршымын. Себеби, УЗИге же башка аппараттарга түшө бергенде уктап жаткан рактын клеткалары ойгонот. Анткени, айрымдар бир убакта эле 4-5 аппаратка түшкөнүн жетишкендик катары айтып калышат. Чынында бул нерсенин баары организмге терс таасирин тийгизет.

“Рахитти убагында эмдетүү зарыл”

- Дагы бир адам баласы кичинесинде жабыр тарткан рахит деген дарт болот. Ошол дартты кичинесинде эмдеп койбосо, чоңойгондо да ден-соолукка терс таасирин тийгизет. Айтайын дегеним, сөөккө калий, кальций жетпей башы, ичи чоңоюп, колу-буту ичкерип кетет. Аны ырымдап, бөөрүнүн өтү, түлкүнүн боору менен 3 же 7 жолу эмдейт. Анткени, бөрүнүн өтү менен түлкүнүн боорунда “в” витаминдери көп болуп, бала баштагыдай тердеп, кубаты кетпей калат. Бул дарттын алдын албаса баланын тиши кеч чыгып, өсүшү начарлайт. Бала кезинде дарылап, тийштүү ырым-жырымдарды кылып койбосо, чоңойгондо да ооруга бат алдырып, туруштук бере албай калат.

“Простатитти чөптөрдүн тундурмасы жана массаж аркылуу айыктырам”

- Простатит да эркектердин кендирин кескен, азапка салган дарт. Медицинада аны антибиотик жана массаж менен сакайтат. Бул дартты убагында дарылабаса, медицинада өтүшүп кеткенде операция жолу менен сакайтууга аракет кылат. Менин дарыгерлик тажрыйбамда простатитти дары чөптөрдүн тундурмасы жана массаж аркылуу сакайтып, калпыс айыктырам. Анткени, простатит маани бербей коё турган дарт эмес. Ал эркектердин азабын колуна берип, жашы өткөндө заарасы чыкпай кыйнайт. Ошон үчүн простатиттин белгилери байкала баштаганда дарыланып, алдын алууга аракет кылышы керек. Болбосо, азабын ченебей тартып калышат. Анткени, простатит өтүшүп кетсе, бутту да, белди да оорутуп, азапка салат.

Булак: “Майдан. kg”

Последние новости