www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде мурда куткаруучу болуп иштеген жаран 4 адамды атып өлтүрүп, андан соң өзү турган үйдү өрттөп качып кеткен. Бул тууралуу Орусиянын маалымат булактары жазып чыкьты.
10-июндан 11-июнга караган түнү Подмосковьенин Кратово кыштагында 50 жаштагы киши мергенчиликте колдонгон мылтык менен 4 адамды атып, көчөдөгү башка адамдарга да ок чыгарып жаракат келтирген. Мындан тышкары кылмышкерди кармоо опреациясында 4 атайын топтун кызматкери дагы жаракат алышкан. "Кылмышкерди 6 саат бою издеп жүрүп, аны токойдон таап, атайын ыкчам топтун кызматкерлери атып өлтүрүштү", - деп маалымдайт Орусиянын Ички иштер министрлиги.
Окуя болгон күнү Кратов айылынын жашоочусу өзү жашаган үйүнүн ичинен көчөдө жүргөн адамдарга ок чыгара баштаган. Окуя укук коргоо кызматкерлерине кабарланган соң, аны кармоо үчүн келгендерге да ок аткан. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, ок чыгарган жарандын аты Игорь Зенков жана ал Орусиянын ӨКМинин мурдагы кызматкери болгон.
4 адамды атып, дагы башка адамдарга жаракат келтирген соң, Зенков өзү жашаган үйгө өрт коюп, токой тилкесине качып кеткен. Издөө жана ликвидациялоо операциясы 5-6 саатка созулган. Тийиштүү кызмат кылмышкерге жакын жашаган айылдаштарын эвакуациялоого жетишкенче айрымдары жаракат алышкан. Ага өз атасы сүйлөшүүгө барган менен майнап чыккан эмес. Окуянын аягы анын өлүмү менен аяктады.
Бул иш боюнча Орусиянын Тергөө комитети адам өлтүрүү, курал-жаракты мыйзамсыз сактоо жана колдонуу, милиция кызматкеринин өмүрүнө зыян келтирүү беренелери боюнча окуянын негизинде кылмыш ишин козгоду. ТАСС маалымат агенттиги билдиргендей, Игорь Зенков Чеченстандагы куралдуу жаңжалга катышып, психикалык жактан жабыркары белгилүү болду.
Камчыбек Бостон,NazarNews.kg
Москва шаары