www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1958-жылы 19-май азия материгинде алгачкы жолу жүрөккө операция жасалган күн. Аталган операция Кыргызстанда академик Иса Ахунбаевдин колунан жасалып, дүйнөгө дүңгүрөгөнү белгилүү. Бул күндүн урматына бүгүн, Жалал-Абаддагы түштүк региондук жүрөк, кан-тамыр жана кардиохирургиялык ооруканасында мындагы кесип ээлеринин майрамы белгиленди. Буга туштап түштүк региондук жүрөк, кан-тамыр жана кардиохирургия бөлүмүнүн башчысы, профессор Калдарбек Абдрамановго бир нече суроолор менен кайрылдык.

-Калдарбек Алишерович, саламатсызбы? Эмнеге бул күн өлкөдө расмий белгиленбеген?

-Сиз берген суроо жаралбастыгы үчүн биз бир нече жолу бул күндү жүрөк хирургдарынын майрамы катары кабыл алып бериңиздер деп өкмөткө кайрылганбыз. Тилекке каршы баарына маалым болгондой дайындуу жооп болбогон. Ошентсе да биз дарыгерлер бул күндү 3 жылдан бери бейрасмий эле майрам катары кабылдап, өзүбүздү өзүбүз куттуктап турабыз. Эми түшүнгөн адамга бул күн жөнөкөй эле күн эмес. Анткени жүрөккө азия материгинде алгачкы жолу операция ушул күнү, ал да болсо Кыргызстанда жасалган. Деген менен муну түшүнүшпөйт экен да.

- А өкмөт менен жергилдиктүү бийликтин буга көз карашы кандай? Расмий жарыяланбаганы менен буга көңүл бурбай коюшпаса керек?

-Өкмөт менен жергиликтүү бийлик көңүл бурмак турсун эки кагаз грамотасын жөндөп берип алышсынчы. Бизге алардан майрамга карата белек-бечкектери, эчнерсеси керек эмес. Жөн эле куттуктап койгондору жетиштүү. Алардын мындай мамилеси бизди өкүндүрбөйт. Биз өзүбүздү-өзүбү кубандырып ала беребиз.

-Азыр шаарда шайлоо өнөктүгүнө үгүттөө иштери жүрүп жатпайбы. Демейде мындай учурда эч нерсени көңүл сыртында калтырбаган саясий партиялар ооруканага жардам берүүгө келип жатышкандыр?

-Эгер саясий партиялар ошондой кадамга барганда биз аларды колдомокпуз. Жок. Алар акчасын башка нукка чачып, добуш сатып алууга жумшашат. Мындай ооруканаларга, муктаждарга деген акчалары жок алардын. Муну танууга болбойт. Эгер чын эле элге жардам бергилери келсе ушундай жайларга жардам берип, жетишсиз болгон заманбап аппараттарыбызды алып берип, 5 жылдан бери бүтпөй жаткан имаратыбызга көңүл буруп коюшмак. Андай болсо  бизге да элге да жардам болмок. Анан ал партияны өзүбүз колдоп, кыйкырып, ушул партия жардам берди деп ачык эле айтып чыкмакпыз. Тилекке каршы алар бул жолду тандашпайт. Ачыгын айтканда алардын элге пайдасы деле жок. Анткени партиясын өткөрүү үчүн миллиондорун чачышат, анан экөө-үчөөсү депутат болот да өздөрүнүн арабасын тартып кете берет.

-Акыркы кездерде өлкөдө жеке менчик жүрөк-хирургия клиникалары көп ачылууда. Бул мамлекеттик медицинанын алсыздыгыбы же бизнестин бир түрүбү?

-Тыйындын эки бети болгондой мунун да эки тарабы бар. Жеке менчиктердин көп ачылышы бизнес. Анан да мамлекеттик хирургиянын алсыздыгынан кабар берет. Анткени мамлекеттик хирургия күчтүү болуп, заманбап аппараттар, бүтүндөй шарттар болгон болсо оорулуулар жеке менчик жайларга барып кайрылмак эмес, оорулуу келбесе бизнесмендер да хирургия ачууга акчасын коротпойт болучу. Экинчи тарабын ала турган болсок жеке менчик хирургиялардын көп ачылышы өнүгүүгө багыттайт. Бул деген тирүү күрөш. Биринен бири өтүп жакшылыктуу шарт түзүп, күчтүү дарыгерлер менен иштешүүгө чуркашат.

-Мамлекеттик медицинанын алсыздыгы келечекке терс таасирин тийгизип койбойбу?

-Тийгизет. Эгер мамлекет медицинага алгылыктуу көңүл бурбаса эртең мамлекеттик ооруканалар сапатын таптакыр жоготот да сапаттуу дарыгерлерден айрылып, алсыздайт. Анткени алтын жерле калбай деген сөз бар. Мыкты кызматкерлерди жакшы шарттуу, көп айлыктуу жеке менчик клиникалар тартып кетет. Андай болбойт деп эч ким айта албайт. Ал эми өкмөттүн медицинага буруп жаткан бүгүнкү күндөгү көңүлү өнүгүүгө жетелебейт.

-Жакшы кадрларды тартып кетет деп калдыңыз. Сизге жакшы маяналуу жеке клиникалардан чакыруу түшпөй жатабы?

-Мага эң сонун сунуштар түшүп жатат. Бирок, мамлекеттик медицинаны да кимдир  бирөө алга сүрөшү керек го. Азыр бизде заманбап жабдыктар, өнүккөн шарттар болбогону менен мыкты кадрлар бар. Ошону үчүн жеке менчик килиникалар менен тең салмактуулукту сактап турабыз. Эгер акчага кызыккан болсом мен деле башка клиникага кетип калсам болмок. Мага баарынан да оорулуулардын айыгып кетиши маанилүү.

-Өзүңүз сыяктуу кадрларды өстүрүп, келечекке даярдап жатсаңыз керек?

-Ооба. Акыркы жылдарда жакшы дарыгерлерди даярдап, Кыргызстандын эртеңине кереги тие тургандай аракеттерди көрүп жатабыз. Буйруса мээнетибиз жерде калбай, окуучуларыбыз өз ордуларын таап, элдин кызматында жүрүшөт. Алардын арасында илимий кандидаттар, докторантураны жактагандар да бар.

-Жогоруда айтпадыңызбы көңүл буруу жок деп. Өзүңүз өкмөткө же саясий партияларга кайрылып көрдүңүз беле?

-Мен кайрылуудан жадаган адаммын. Кайра-кайра кайрыла берип жадап кеткенмин. Өкмөт го тушүнүктүү, депутаттарга кайрылсаң аларга катыңды кайра саламаттыкты сактоо министрлигине, министрлик өзүбүзгө жиберип коёт. А партиялар болсо же жеке ишкерлер буга кызыкпайт. Эгер кызыгышканда эчак эле жардам колун сунушуп, же болбосо өздөрү туулуп чоңойгон жерлерине ооруканаларды ачып коюшмак. Мындай кыла турушкан болгондо өздөрүнө эле пайда болмок, бизнестери өнүгүп...

-Маегиңиз үчүн ырахмат. Сиздердин тармакка да өзгөчө көңүл буруулар болуп калышын тилейм!

Маектешкен: Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Взгляд”

Последние новости