www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Дүйнөлүк Банк “Таза коомдун” өнүгүшү үчүн Кыргыз мамлекетине 50 миллион доллар бөлөт”, - деп билдирди бүгүн, 11-июнда Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков журналисттер менен болгон жолугушууда.

Анын айтымында, бөлүнгөн каражаттын көпчүлүгү долбоордун негизги багыты - өлкөнүн бардык айылына тез иштеген интернет орнотууга жумшалат. "50 миллион доллар жеңилдетилген насыя болуп эсептелет .Аталган сумманын 45 пайызы гранттык түрдө берилсе, калганы 0,7 пайыз менен берилип жатат. Алдыда буюрса конкреттүү кадамдар турат. Бир жылдан бери бул долбоордун үстүнөн иштеп жатабыз. Негизи Кыргыз элине мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жеңилдетүү зарыл. Анын алкагында мектептерге, бала бакчаларга электрондук кезек орнотуу керек. Ошондой эле банктан насыя ала турган жарандарыбыз толтура маалым каттарды чогултуп убараланышат. Эми мунун баары электрондук түргө өтүп, жөнөкөйлөнөт. 3 жыл мурда Кытайдын "Чайна телеком" деген компаниясы изилдөө жүргүзүп, Кыргыз өлкөсүндө "Таза коомду" ишке ашырууга 360 миллион доллар керектелет деп айтышкан. Андан бери убакыт өттү, ошон үчүн долбоорду ишке ашыруу азыр андан арзан болот", - деди ал.

Камчыбек Боcтон, NazarNews.kg

Последние новости