www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Түп районундагы Кең-Суу айлына барып Садыр Жапаров инимдин атасы Нуркожо Ажы атанын ахыбалы менен таанышып кайттым! Кайратыңдан кагылайын Ажы Ата, кечээ эле сыркоолоп ооруканадан чыкканыңа карабастан жарык маанай менен жылмая тосуп алганы мени толкундантты!

Ачыгын айтыш керек, канчалык, кайраттуу шайдоот көрүнгөнгө аракет кылганы менен көз карашынын түпкүрүндө жан дүйнөсүн эзген чоң санаа, жаткандыгын сезбей койгонго болбоду. Тамашага чалып, атайын баргандан кийин кеңири, шашпай бала-бакыра неберелери менен чогуу аңгеме дүкөн куруп отурдук! Мезгилдин күрөө тамыры менен кошо соккон кан тамырына, ар-кандай оор жагдай болсо ошондон туура чечим чыгара айткан сөздөрүнө, тунук акылына кайрадан таң берип, ушунчалык рахат алып отурдум.

..."Президентибиз Алмазбек балама, ата катары ушул аксакалдык башым менен, балам деп кайрылсам, кайрылуума жооп бербей, алыстан ат арытып барсам эшигин сагаалатып кабыл албай койгонуна абдан өкүндүм! Кабыл алса аталык эле бир өтүнүчүмдү айтып Ак Батамды берип эле чыкмакмын", - деп көзүнүн жашылданта муңая караган көз карашы менин жан дүйнөмдү жанчып, азыр да көз алдыма тартылып турат!

Эх арман дүйнө... айтарга сөз жок! ...Иши кылып карганда аталарды муңайтып, кайгыга салып, Жазмыштын каарына калбайлычы достор! –деген пикирин камакта жаткан Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо ата менен жолугушуусун Мурат Жетимишбаев билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости