www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусундагы «Кулун-Ата» мамлекеттик жаратылыш коругунда биотүрдүүлүктү мониторингдөө боюнча кезектеги комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө коруктун аймагына мурда орнотулган фотокапкандар сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жапайы жаныбарларды тартып алган.
Кадрларга Кыргызстандын Кызыл китебине кирген өзгөчө коргоодогу жаныбарлар — Тянь-Шань күрөң аюусу, ак илбирс, тоо теке жана башка жаныбарлар түшкөн.
Түшүрүлгөн сүрөттөр коруктун аймагындагы жаныбарлар дүйнөсүнүн абалы туруктуу экенин көрсөтөт.
Жаныбарлардын күндүзгү жана түнкү активдүүлүгү, ошондой эле табигый шартта эркин жүрүп, азыктанып жатканы экологиялык тең салмактуулуктун сакталып жатканын айгинелейт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы коруктун жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын биотүрдүүлүгүн сактоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана жаратылышты коргоо боюнча мониторинг иштерин улантууда.