www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Польшада өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль жеңди.
Бейшекеев 67 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдештин жүрүшүндө Швеция жана Украинанын балбандарын жеңип, финалга чыккан.
Чечүүчү беттеште кыргызстандык балбан Норвегиянын өкүлүн 2:1 эсебинде утуп, алтын медалга ээ болду.
Бул Кыргызстан үчүн «Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open-2026» мелдешиндеги экинчи алтын медаль. Буга чейин Асан Жанышов 87 килограммга чейинки салмакта жеңүүчү болгон.
Жыйынтыгында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Варшава шаарында өткөн мелдеште жалпы 3 медаль багындырып, командалык эсепте 2-орунду ээледи.