www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн «Кумтөр» алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиясынын материалдарын изилдеп, коррупциялык укук бузууларды аныктады.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 1992-жылдан 2019-жылга чейин мамлекеттик органдардын айрым жогорку даражалуу жана башка кызмат адамдары «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчилиги менен биргеликте «Камеко», «Центерра Голд Инк» «Кумтөр Оперейтинг Компани» жана «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын өкүлдөрү менен «Кумтөр» алтын кенин жоопкерчиликсиз иштетүү үчүн Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы келген бир катар макулдашууларды түзүшкөн. Анын кесепетинен жаратылыш кайра калыбына келбеген абалга келип, мамлекетке миллиарддаган зыян келтирилген.
2021-жылдын 18-майында аталган факты Башкы прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү («Коррупция») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Булак: NazarNews.kg