www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Канаданын Теңиз Бөлтүрүктүн үстүнөн кылмыш ишин козгогону анчалык деле мааниге ээ эмес», - деди бүгүн, 21-майда NazarNews маалымат агенттигине укук коргоочу Качкын Булатов.

- Качкын агай, Канаданын кумтөр кенин сырттан башкаруучу болуп бекиген Теңиз Бөлтүрүккө кылмыш ишин козгогону сүйлөшөлү, ыкка келели деген аракетпи же сырды саттың деп жазалоо үчүн жасашкан кадамыбы?

- Канаданын Теңиз Бөлтүрүктүн үстүнөн кылмыш ишин козгогону анчалык деле мааниге ээ эмес. Айтайын дегеним, Теңис Бөлтүрүк деле канадага барып, жөн эле садага чабылып бербейт. Анткени, ал өзү барып Кумтөрдү тыштан башкаруучу болуп алган жок да. Ал парламенттин сунушу менен өкмөттөн бекиди.

«Центерранын» ызылдап жатканынын дагы себеби бар. Алардын бар былыгынын баарын ача турган Теңиз Бөлтүрүк менен Акылбек Жапаров. Ошон үчүн чырылдап былыгыбыз чыгып кетпесин деп Теңгиз Бөлтүрүккө кылмыш ишин козгоп жатышат. Бирок, андай майнап чыкпайт. Мамлекет да бербейт, өзү да барбайт. Буюрса, иш жүзүндө Теңис Бөлтүрүк дагы бир канча кылмыш иштерин таап чыгат. Анын сүйлөгөнү, ойлору, жаратмандыгы, тажрыйбасы молдугу байкалып эле турат. Буюрса, Кыргызстандын келечеги үчүн чоң салым кошуп, жакшы иштеп берет. Өзүнүн келечегине да кам көрөт. Анткени, кумтөрдү сырттан башкаруу кызматы элдин ишенимине кире турган жана саясий трамплин боло турган кызмат. Буюрса, Теңгиз Бөлтүрүктүн кадыры мындан да өсөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости