www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир кездеги Катани деген каймана атына жаназа окуду. Мындай пикирин журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Мен бул кишиге абдан таң калдым. «Баткендеги жаңжалга бийлик күнөөлү», - дейт. Генерал эле, чыр-чатактуу өрөөндүн коопсуздугун карасын деп ишенип жиберген болсо керек. Колунан эч нерсе келбеген жарамсыз экенин көрсөттү. Бир кездеги Катани деген каймана атына жаназа окуду. Сүйлөгөнүн көрүп, генерал кайратынан эле эмес, ой жүгүртүүсүнөн дагы тайыптыр деп ойлоп калдым.

Баткенде каза болгон 36 адамдын өлүмүнө эмес, өзүнүн кызматтан алынып калганына кайгырып жүрөт. Облус жетекчиси катары, коркунучту алдын-албаганы, маалыматтар келсе «ишенген жокмун» деп айтканы үчүн кызматтан алып коюу эркелетүү деп эсептейм», деп белгилеген Орунбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости