www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кумтөр трагедиясы боюна күнөөлүлөр биздин чиновниктердин арасында өтө көп», - деди бүгүн, 17-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Базарбай Мамбетов.
«Кумтөр окуясы боюнча азыр жүрүп жаткан иштерде эч кандай саясий кызыкчылыктар жок деп мен эсептейм. Кумтөр трагедиясы боюна күнөөлүлөр биздин чиновниктердин арасында өтө көп. Чыккан алтындан Кыргызстан жок дегенде 30 процентин алып турса, биз 24 жылдын ичинде 6,7 млрд доллар жоготпойт элек.
Кыргызстан чыккан алтындан 13 эле пайызын алат деп келишимге жазып койгондордун бири Акылбек Жапаров да. Аны эмне үчүн ушул убакка чейин кылмышка тартпайбыз. Анын Канттагы МИС жана башка сот иштери эмне үчүн ушул убакка чейин бүтпөйт?
Андан башка Акылбектин Көк-Жарда 24 гектар айдоо жерин трансформация кылып алганы да бар. Алардын бардыгы бир убакта чыгат да», - деп белгиледи Мамбетов.
Булак: NazarNews.kg