www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жарандарына жакырчылык менен күрөшүү боюнча билим алуу үчүн 1 000 квота берет. Бул тууралуу өлкө башчысы Си Цзиньпин Дүйшөнбү шаарында өтүп жаткан ШКУ саммитинде айтканын РИА Новости жазды.
«Алдыдагы үч жыл ичинде Кытай ШКУга мүчө мамлекеттерге 1 000 квота берүүгө даяр. Ага илинген балдар жакырчылыктан чыгуунун жолун издеген кесиптер боюнча билим алат», - деп айтылат кабарда.
Эске салсак, ушул жылдын 25-февралында Си Цзиньпин кытай эли толугу менен жакырчылыкты жеңгенин жар салган. Акыркы сегиз жыл ичинде коңшу өлкөдө 100 миллиондой адам итке минген абалдан чыгарылган. Мунун аркасы менен Кытай БУУнун жашоону жакшыртуу программасына ылайык алдыга коюлган максатка жеткен.
ШКУ — 2021-жылы түзүлгөн эл аралык уюм. Ага Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан кирет.
Булак: NazarNews.kg