www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңишбек Усенов Айдоочулар коомунун төрагасы, Жүргүнчүлөрдү ташуучулар ассоциясынын вице-президенти айдоочулардын айынан адам өмүрү кыйылып жатканын алууну NazarNews маалымат агенттигине билдирди. Ушуга байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

--“Жол кырсыктары Кыргызстандын жолдорунда дээрлик күн сайын орун алууда. Статистикага кайрылсак акыркы он жыл ичинде жол кырсыктарынан Кыргызстанда 10 миңге жакын адам каза болгон. Бүткүл Советтер союзу 1979-жылдан 1989-жылга чейинки Ооганстандагы согуштук аракеттери учурунда мына ушунча сандагы же мындан бир аз көбүрөөк адамын жоготкон экен. Айырманы салыштырып, Кыргызстанда согуштан да катаал бир көрүнүш болуп жаткандай сезилет.

Кыргызстандыктар күн сайын кабылып жаткан жол кырсыктарынын себеби эмнеде? Мунун башкы себептери талкаланган жолдор, айдоочу күбөлүктүн сатып алынышы, паракорчулукка баткан МАИ кызматкерлери же айдоочулардын жоопкерчиликсиз мамилеси. Мындан башка дагы толтура себептери бар. Бирок бизди терең кайгыга салганы адам өлүмү, андан да жаш балдар кырсыктын курмандыгына айланганы кейиштүү болуп жатат.

Мен айдоочулар тажрыйбасыз болуп, жүргүнчүлөрдүн өмүрлөрү кыйылып жатканы өкүндүрөт. Ошондуктан шаар аралык каттамдарга чыккан айдоочулардын тажрыйбасын караш керек. Биз 6 жылдан бери ушуга байланыштуу бир канча кайрылууларды жасап жүрөбүз.

Керек болсо Жогорку Кеңештин депуттарына ченин кайрылып, бир мыйзам кабыл алгыла дегенбиз. Айрым эл өкүлдөрү муну колдобой коюшту. Ошондуктан биз өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылабыз. Ушул көйгөйгө катуу көңүл буруп, мыйзам кабыл алууну суранабыз. Азыркы депуттарга дагы айтаарым булар дагы кайдыгер карабай бир жыйынтык чыгарышсын”, - дейт Усенов. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости