www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кумтөр Голд Компани" ишканасы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) тарабынан эч кандай билдирүү алган эмес. Бул туурасында компаниянын маалымат кызматынын жетекчиси Марина Гаврилова билдирди.

Белгилей кетсек, Финпол бүгүн алтын казуучу "К.Г.К." жабык акционердик коому бюджетке 9 миллиард сомдон ашык зыян келтиргени аныкталганын жарыялады. Ага ылайык, компания Салык кызматы жана Социалдык фонддун кызматтагы адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн толук төлөбөй келген.

Буга байланыштуу "К.Г.К." деген аббревиатура менен жазылган "Кумтөр Голд Компани" гана бар экени айтылып жатат.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен катталды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости