www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр Голд Компани» ишканасы кендин аймагы 2009-жылдан бери өзгөртүлө электигин «24.kg» басылмасына билдирди.

Жакында эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди «Кумтөр» кенине геологиялык чалгындоо жана алтын казуу үчүн кошумча аянт бөлүп берген деп айыптады.

Ал өкмөт башчы болуп турганда кендин жалпы аймагы эки эсеге көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектарды түзүп калганы айтылган.

Ал эми «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун маалыматына караганда,  «Кумтөрдүн» 26 миң 660 га жери 1997-жылдагы лицензия менен алынган. Бул лицензия 2005-жылы узартылган.

2009-жылдын 24-апрелиндеги «Кумтөр» долбоору боюнча келишимдин жана 2009-жылдын 6-июнундагы (2009-жылдын 30-апрелиндеги мыйзам менен ратификацияланган) кайрадан каралып чыккан долбоордук келишимдердин негизинде, «Кумтөрдүн» концессиялык аянты 26 миң 400 гектарды түздү.

Лицензиялык жана концессиялык аянттардын көлөмүнүн айырмасы координаттардын жана эсептөө ыкмасынын өзгөрүшү менен байланыштуу.

«Кумтөрдүн» концессиялык аянты жогорудагы лицензиялык аянтчадан башка кошумча жерди камтыбайт.

Азыр «Кумтөр Голд Компани» ишканасы 26 миң 400,8 гектар аянттагы жер тилкесин 2042-жылдын 4-декабрына чейин жарактуу болгон лицензия менен иштетип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости