www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөрдө кошумча бургулоо иштери жасалат

"Кумтөрдө" алтын кенди иштетүүнүн старатегиясын өзгөртүү боюнча планды иштеп чыгуу каралууда. Бул туурасында аталган компаниянын бүгүн жарыялаган отчетунда айтылган.

Стратегияда келечектеги техникалык-экономикалык негиздемелердин негизинде кенди жердин алдынан казуу ыкмасы каралган. Учурда тоо шартында жүргүзүлгөн иштери канчага турары, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу боюнча тереңдетилген анализ жасалууда.

"Кошумча геологиялык чалгындоо жана геотехникалык бургулоо иштери керек болот. Июнда компания жаңы коюлган талаптар менен кенде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн коммерциялык сунуштарды кабыл алуу туурасында жарыя берүүгө ниеттенип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү отчетто кендин мурдагы тартип менен иштеп жаткандыгы, салык жана бюджеттик төлөмдөрдү которууда үзгүлтүк болбогону кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости