www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандын вице-премьер-министри QazVac вакцинасы тууралуу айтканына түшүнбөй калганын билдирди. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиевге байланышканыбызда айтты.
"Биз Казакстандын Кыргыз өкөсүндөгү элчиси менен сүйлөшкөнбүз. Өндүрүшчүлөр менен беребиз деп айткан. Кечээ ооруп, сүйлөшө алган жокмун, бүгүн териштиребиз", - деп билдирди Бейшеналиев.
Буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев коңшу Казакстан QazVac вакцинасынын 50 миң дозасын Кыргыз өлкөсүнө жардам иретинде жөнөтөрүн билдирген. Ал эми эртеси маалымат жыйында министрдин билдирүүсүнө жооп катары Казакстандын вице-премьер-министри Ералы Тугжанов казак вакцинасы август айынын аягынан баштап гана ири көлөмдө чыгарыла тургандыгын, андыктан жакынкы аралыкта аны башка өлкөлөргө жеткиришпей турганын айткан.
Булак: NazarNews.kg