www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистандагы абалга байланыштуу Өзбекстан аскер бөлүктөрүнүн даярдыктарын текшерип баштады.

Буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөгө Афганистандын 53 чек арачысы качып киргенин билдирген. Ага байланыштуу Ташкент жана түштүк-батыш аймагындагы аскер бөлүктөрүндө, абадан коргонуу бөлүктөрүндө жана аба күчтөрүндө өздүк курам менен аскер техникаларынын даярдыгы текшерилүүдө.

Өзбекстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Афганистан менен чектешкен Ангрен менен Термездеги аскер талааларында тактикалык окуу-машыгуулар болот. Анын жүрүшүндө «Тревога» сигналы берилгенде аскерлердин иш-аракеттери, көрсөтүлгөн аймакта коргонуу жана берилген тапшырмаларды аткаруу иштери текшерилет.

Ошондой эле аскер учактары, артиллерия, минометтор сыналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости