www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-майда «Кумтөрдүн» ишин текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров маалымат жыйын өткөрдү.

Анда Жапаровго “Кумтөрдү” иликтеген комиссия ара жолдо ишин таштап, соодалашпайбы? деген суроо узатылып, ал төмөндөгүдөй жооп берди.

--“Буга чейин Кумтөргө байланыштуу саясий чечим кабыл алынбай, бүдөмүк болуп калган. Бүгүнкү күндө Садыр Жапаров чечим кабыл алып, Кыргызстандын экономикасы менен кызыкчылыгын колдоого башы менен жооп берүүгө даяр экенин айтты. Ал эми биз ошол жол менен бара жатабыз. Өзүм дагы жетекчилерди адаштырып кетпесе экен деп суранып жатам. Анткени башыбыздан өткөн. Атамбаевдин тушунда экөөбүз өкмөттүн жыйындар залына барсак, баары тарап кеткен учурлар болгон. Азыр түзүлгөн мамлекеттик комиссияга толук колдоо көрсөтүлдү. Убактылуу сырттан башкаруу кирүү менен экинчи кадам жасалды. Эми мунун баарын кыргыздын кызыкчылыгы үчүн иштеткенге даярданып жатабыз”, - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости