www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Добуш сатып алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат, деп билдирди бүгүн, 20-майда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы.

Милицияга Чүй облусунун бир районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты кайрылган. Анын айтымында, жергиликтүү кеңештин бир нече депутаты жергиликтүү кеңештин төрагасы кызматына талапкерлигин көрсөткөнү жаткан адамга добуш берүү үчүн акча сунушташкан.

Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 192-беренеси (Шайлоочулардын добушун сатып алуу) менен катталган.

18-майда Чүй ОИИББдин Мыйзамсыз миграцияга жана экстремизмге каршы күрөшүү кызматы менен УКМКнын кызматкерлери А.Г. аттуу аял кишини 700 доллар жана 25 миң сом акча берип жаткан жеринен кармашты.

«Учурда тергөө уланууда. Анын жыйынтыгы менен аталган кылмыш ишке тиешеси бар ар бир жаранга юридикалык баа берилет», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости