www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык эмдөө борборунун башкы адиси менен маек.

- Учурда өлкө боюнча жалпы канча киши эмделди?

- Кыргыз Республикасы боюнча 54 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 12 миңден ашыгы 2-дозасын алып атат. Ал эми Спутник-V вакцинасы боюнча 10 миңден ашык адам 1-дозасын алды. Жакынкы аралыкта 2-дозасын алуу күтүлүүдө.

- Эмдөөдөн өткөндөр өздөрүн кандай сезишүүдө? Вакцинанын адам организмине тийгизген натыйжалуулугу жөнүндө айтсаңыз?

- Вакцинанын таасири жакшы. Натыйжалуулугу бар экен. Маселен, бизден эмделген медициналык кызматкерлер «кызыл зоналарга» кирип иштеп атышат. Алардын эч бири оору жугузган жок. Күтүлүүчү реакциялар бар. Алар дене табынын көтөрүлүүсү, сасык тумоо өңдүү симптомдордун болушу. Бизде атайын база бар. Ага вакцина алгандар кирет. Эгер кандайдыр бир реакция болсо, ошол жерге жазылат. Ага таянсак, 54 миң адамдын ичинен 25ке чукулунда дене табы көтөрүлдү. Анын ичинен дене табы 3 күнгө чейин кармалгандардан экөө болду.  

- Азыркы кезде вирус менен ооругандарда кандай өзгөчө белгилер болууда?

- Эч кандай өзгөрүү жок. Баары баягыдай эле. Дене табы көтөрүлүп, сасык тумоого окшош симптомдор байкалат.

- Ал эми эпидемиологиялык кырдаал кандай болууда?

- Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча эпидемиологиялык абал «кызыл зонада» турат. Учурда көптөгөн жарандар министрлик тарабынан берилген сунуштарды четке кагууда. Социалдык аралыкты кармоо, беткап тагынуу жокко эсе болгондуктан, вирустун күчөшү байкалууда.

- Бардык аймактарда вакциналар жетиштүүбү?

- Кытай вакцинасы республика боюнча баардык 88 убактылуу эмдөө пункттарында жетиштүү. Спутник вакцинасы Бишкек шаары боюнча биринчи дозасы түгөндү. Жакынкы арада дагы кошумча дозалардын келиши күтүлүүдө. Ал эми 2-дозасы менен баардык пункттарда эмдөө жүрүп жатат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости