www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунун тургуну Боркошаалы ата Мавлянов NazarNews маалымат агенттигине учурдагы кырдаал тууралуу билдирди.
- Саламатсызбы азыр Баткенде кырдаал кандай? Туруктуубу?
- Кырдаалды туруктуу дешет бирок туруктуу деп айтууга дал келбейт. Башкача айтканда абал ишеничтүү эмес. Мына Ак-Сайда үч баланы тутуп, кулактарын кесип туткунга алышкандыктан Максат айылынын тургундары качып жүрүшөт. Бул жөнүндө мага телефон аркылуу чалып, качкан бойдон эми түндө келе жатабыз деп айтышты. Азыр эле эмес мурда деле абал туруктуу эмес болчу. Чоңдор барат кайра келет андан эмне өзгөрмөк эле? Болуп жаткан окуялардын баары чоңдорубуздун жана саятыбыздын алсыздыгы деп эсептейм.
- Баткенге жардамдар көрсөтүлүп жатат дейт, чындыкка дал келелби?
- Жардамдар башында келбей жаткан. Мен элге кайрылуу жасагандан кийин жардамдар түп-түз жабыркаган айылдарга келе баштады. Бирок өкмөт тарабынан эч кандай жардам келген жок, жалаң карапайым элдерден жардам келип жатты. Ушундай кырдаалда өкмөттөн жардам келбегени алардын алсыздыгы деп эсептейм.
- Өзүңүздүн келиндериңиз, неберелериңиз качып жүргөнүн айтып өттүңүз...
- Ооба, өткөндөгү окуя дагы кайталанат экен деп баары качып жатышса, алар дагы качканга дуушар болушту да. Бул көрүнүш 2019-жылы дагы болгон.
- Баткен облусундагы кырдаал боюнча бийлик менен чек ара менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү деп жатышат. Бул боюнча жергиликтүү калк эмне деп жатат?
- Жергиликтүү калк азыр кооптонуп турат. Үй-жайын таштап эле кетебиз деген элдер толтура. Чек ара тилкесине жакын жашаган тургундарга кичине болсо дагы көңүл буруу керек да. Ал эми ошол учурда биздин 120 депуттаттын бирөө да басып келген жок. Алар иш өткөндөн кийин барат дагы "өрт өчкөндөн кийин өрт өчүргүчтөр баргандай" болуп келишет дагы куру сөздөрүн айтып кетишет. Чыр болуп жаткан мезгилде барып элдерди карабайбы? Эвакуация кылып элдерге жардам кылса болмок да. Жок. Бири басып барган жок.
- Ар бир инсан өзүнүн туулган жерин жакшы көрөт. Сиздин учурдагы жүрөгүңүздү өйүп турган маселе кайсы?
-Менин жүрөгүмдү өйгөнү элдер, "бир метр жерди бербейм" дешсе, мен "бир карыш жерди бербейм" (ыйлап). Кыргыз элим кыргыз жерим деп жүрөбүз. Бирок билбейм чоңдор муну кандай сезишет.
- Баткенде каза болгондордун санын бийлик башка жергиликтүү тургундар башкача айтып жатышат…
- Мен айылдарды кыдырып караштырганымда, Максат айылында бир жигит үйүндө жашынып жаткан боюнча үй менен кошо күйүп кеткен.
- Сиз буга чейин Садыр Жапаров менен жолуккансызбы?
- Жок,жолуккан эмесмин. Бирок бул каргашалуу окуя болушун бир жарым ай мурун сезгенмин. Муну мен тишимдин арасына сактап жети дубандан элдерди чакырдым. Чогулуп ушул маселени коёлу дедим. Бирок мени провакацияга алдырып жатасын?, - деп камап салышпасын деп эмне маселе экенин айткан жокмун.
Губернатор Өмүрбек Субаналиевди УКМКда иштеген чоң адам деп сүйүнүп, чоң үмүт артып баргам. Ал "23-мартта кабыл алам" деп, ошол күнү барсак бизди кабыл албай койду. Анын ордуна аппарат жетекчиси Мирлан деген бала кабыл алып кайра келе бердик. Окуя болуп бүткөндөн кийин Ө.Субаналиев, К.Кыдыршаевич, А.Новиков барды. Мага сөз берилгенде Баткенде болуп жаткан ишти сүйлөшүүгө, көйгөйдү айтууга барсак Ө.Субаналиев бизди кабыл албай койгонун айттым.
Садыр Жапаров, "эгер келсеңиз сизди тоскоолсуз кабыл алам" деген эле. 3 күндөн ашып жатат, азыр ушул жерде жүрөм тегеренип. Урматтуу Садыр Нургожоевич, мен сизге кайрылаарым чек ара статусун алып, чек араны тосуп биз жашай тургандай кылып бекемдеп бериңиз. Элге сиздин жардамыңыз керек. Эл сиздин чечкиндүү кадамды азыр боздоп күтүп жатат. Ушул кайрылуу сизге жетет деп үмүттөнөм.
Булак: NazarNews.kg