www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кимдер гана айтылуу “Кумтөрдүн” тегерегинде сөз кылган жок дейсиң? Бири элге зыянынан башка пайдасы жок десе, кай бир окумуштуулар, коомдук ишмермин деп өпкөсүн каккандар бул кендин бизге тийгизген финансылык таасири чоң деп көзкөрүнө кетменин жерге ныгыра чаап келди. Азыр деле “Кумтөр” боюнча эки жаат болмойлор улантылып келет. Ал эми алтындын “даамы” тургай чылгый өңүн көрө элек жай турмуштагы тургундар өзүнүн оокатын кылууга ынтызар.

Дале болсо дискуссия кызуу уланганы боюнча кабарыбыз бар. Тилекке каршы өкмөткө ким келсе да тизгинди эл тарапка тартууга чамасы келбей турганы боюнча ар кандай күбүң-шыбың кептер козголуп жатат. Жаңыдан премьер-министрлик тактыга отурган Мухаммедкалый Абулгазиевдин бул “жети баштуу ажыдаарга” айланган коррупциялык схемасына дарамети жетеби деген собол ташталбай койбойт. Жантөрө Сатыбалдиевдин, Жоомарт Оторбаевдин, Темир Сариевдин алы жетпеген соң бул кишинин деле аткан жебеси “сүт” болуп калабы? Эгерде чындап ушул маанилүү маселени оң тарапка чечип берсе кыргыз элинин оозунда “тарых” болуп каларын деле айта кетеличи? Алтын бар жерде эбегейсиз тирешүү болорун билбейбиз десек калптын казанында кайнап кетерибизди эсибизден чыгарбайлы.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости